2026-жылдын 2-февралында Президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев, Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова өлкөнүн жогорку окуу жайларынын ректорлору менен жумушчу кеңешме өткөрүштү.
Кеңешменин жүрүшүндө жогорку окуу жайлардын ишмердүүлүгүндөгү актуалдуу маселелер, жогорку билим берүү системасын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары, ошондой эле илим жана билим берүү тармагындагы мамлекеттик саясатты ишке ашырууда жогорку окуу жайлардын жетекчилеринин алдында турган негизги милдеттер талкууланды.
Ошону менен катар жогорку билим берүү системасында мамлекеттик тил саясатын өнүктүрүү жана аны ишке ашыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Жолугушуунун алкагында билим берүү процессинде мамлекеттик тилди колдонууну мындан ары өркүндөтүү, мамлекеттик тил боюнча ченемдик-укуктук механизмдерди өнүктүрүү, ошондой эле профилдик мамлекеттик органдар менен билим берүү уюмдарынын ортосундагы өз ара кызматташууну жана координацияны күчөтүү маселелери каралды.
Мындан тышкары мамлекеттик тилди өнүктүрүүдө системалуу мамиленин зарылдыгы, аны окутууда, илимий ишмердүүлүктө жана иш кагаздарын жүргүзүүдө колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү, ошондой эле билим берүү мекемелеринин жетекчилеринин мамлекеттик тил саясатын ишке ашыруудагы жоопкерчилигин жогорулатуу зарылдыгы белгиленди.