Ленин районунда бизнес өкүлдөрү менен мамлекеттик тил мыйзамы боюнча жыйын өттү
Бүгүн 3-февралда Бишкек шаарынын Ленин районунда соода жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү бизнес өкүлдөрү менен мамлекеттик тил мыйзамын ишке ашыруу маселелери боюнча жыйын өттү.


Жыйын Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы, Бишкек шаарынын мэриясы жана Ленин райондук администрациясы тарабынан уюштурулду.


Иш-чарага Ленин районунда жайгашкан соода борборлорунун, банктардын, кафе-ресторандардын, мейманканалардын, базарлардын, сулуулук салондорунун жана башка тейлөө мекемелеринин жетекчилери жана администраторлору катышты.
Жыйында «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын талаптарын Ленин районундагы бизнес субъектилеринде сактоо маселелери талкууланды. 


Айрыкча көрнөк-жарнактарды, маалымат такталарын, аш тизмелерин, ошондой эле кардарларды тейлөө процессинде мамлекеттик тилди колдонууга өзгөчө көңүл бурулду.


Мамлекеттик тилдин колдонулушун талдоо максатында бизнес субъектилерине сурамжылоо жүргүзүү үчүн атайын электрондук анкеталар жиберилгени маалымдалды.


Бул анкеталар кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө мамлекеттик тилдин колдонулуш абалын аныктоого багытталган.


Жыйын суроо-жооп форматында өтүп, Улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев тарабынан бизнес өкүлдөрүнө мыйзам талаптары боюнча так жана практикалык түшүндүрмөлөр берилди.


Иш-чаранын жыйынтыгында ушундай жолугушуулар Бишкек шаарынын башка райондорунда да бизнес өкүлдөрү менен жеринде өткөрүлөрү маалымдалды.
Архив