Бүгүн 6-февралда Президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия борбордук аппараттын жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн кызматкерлери үчүн атайын окутуу семинарын өткөрдү.
Семинар “Мамлекеттик кызматкерлер үчүн медиа-коммуникация: интервью, комментарий, коомдук билдирүү” темасына арналды.
Иш-чаранын негизги максаты - Улуттук комиссиянын кызматкерлеринин коомчулук жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен натыйжалуу байланыш жүргүзүү боюнча теориялык билимин жана практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүү болуп саналат.
Семинарды Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетинин деканынын орун басары, Журналистика бөлүмүнүн доценти, филология илимдеринин кандидаты, Улуттук комиссиянын Кеңешме органынын мүчөсү Гүлзада Станалиева алып барды.
Окутуунун жүрүшүндө катышуучулар:
• маалымат каражаттары менен иштөө маданияты,
• интервью берүү ыкмалары,
• расмий комментарийлерди жана коомдук билдирүүлөрдү даярдоо жолдору,
• коомчулук менен ачык жана так коммуникация жүргүзүү принциптери боюнча маалымат алышты.
Ошондой эле практикалык тапшырмалар аткарылып, суроо-жооп форматында тажрыйба алмашуу уюштурулду. Катышуучулар реалдуу мисалдардын негизинде өздөрүнүн кесиптик байланыш көндүмдөрүн бекемдешти.
Семинар Улуттук комиссиянын кызматкерлеринин маалыматтык сабаттуулугун жогорулатууга, расмий билдирүүлөрдү так, түшүнүктүү жана кесиптик деңгээлде берүү жөндөмүн өнүктүрүүгө багытталды.
Улуттук комиссия мындан ары да кызматкерлердин кесиптик деңгээлин жогорулатууга багытталган мындай окутууларды үзгүлтүксүз уюштурууну пландоодо.