2026-жылдын 9-февралында Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн «Мамлекеттик тил корголууга эмес, колдонулууга муктаж» аттуу иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы М. Мураталиев, комиссиянын өкүлдөрү А. Эсенов, Г. Капарова, Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Г. Шаршенбек кызы, ошондой эле мекеме-ишканалардын жетекчилери, айыл өкмөттөрүнүн жооптуу катчылары, банк кызматкерлери, жеке ишкерлер, мектеп директорлору, кыргыз тили мугалимдери, бала бакча жетекчилери, маданият үйлөрүнүн башчылары, китепкана кызматкерлери, райондук ардагерлер, аялдар жана жаштар кеңештеринин мүчөлөрү катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө окуучулар тарабынан даярдалган театралдаштырылган көрсөтмө көрсөтүлүп, райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.
Ошондой эле Улуттук комиссиянын төрагасы М. Мураталиев сөз сүйлөп, «Мамлекеттик тилди үйрөнүү боюнча колдонмолор» аттуу презентациясын сунуштады. Ал өз сөзүндө мамлекеттик тилди күнүмдүк турмушта жана кызматтык ишмердүүлүктө кеңири колдонуу зарылдыгына токтолду.
Иш-чара суроо-жооп форматындагы талкуу менен жыйынтыкталып, катышуучулар мамлекеттик тил саясатын ишке ашыруу боюнча пикир алышты.