Бүгүн 17-февралда Кыргыз мамлекеттик техникалык университети И.Раззаковдун базасында "Бир кутуда — кыргыз дүйнөсү" аттуу ЭтноSTEAM долбоорунун алкагында улуттук баалуулуктарды заманбап STEAM билим берүү модели менен айкалыштырган республикалык деңгээлдеги инновациялык иш-чара уюштурулду.
Иш-чаранын негизги максаты - дүйнөлүк STEAM концепциясын кыргыз элинин маданияты, салт-санаасы жана этно-мурасы менен айкалыштыруу аркылуу мектепке чейинки жана мектеп жашындагы балдар үчүн заманбап, интеграцияланган билим берүү моделин тааныштыруу болду.
Иш-чарага Президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, билим берүү тармагынын жетекчилери, коомдук ишмерлер, эксперттер, өнөктөш уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Долбоордун негиздөөчүсү Солдатбек Рыспек уулу долбоордун мазмуну жана багыттары улуттук баалуулуктар менен илимий-техникалык билимди айкалыштырган инновациялык билим берүү модели болуп саналаарын билдирди.
Долбоор төмөнкү багыттарда иш алып барат:
-логикалык жана аналитикалык ой жүгүртүүнү өнүктүрүү;
-практикалык жана инженердик көндүмдөрдү калыптандыруу;
-чыгармачылык жөндөмдөрдү өркүндөтүү;
мекенчилдик сезимди тарбиялоо;
-санариптик жана технологиялык сабаттуулукту жогорулатуу.
Иш-чаранын жүрүшүндө интерактивдүү көргөзмөлөр, практикалык тапшырмалар, мастер-класстар жана демонстрациялык иштер өткөрүлүп, катышуучулар STEAM билим берүүнүн заманбап ыкмалары менен таанышты.
Иш-чаранын жыйынтыгында ЭтноSTEAM долбоору Кыргыз Республикасында инновациялык билим берүүнү өнүктүрүүгө, улуттук маданий мурасты сактоого жана келечек муунду ар тараптуу даярдоого багытталган маанилүү платформа катары бааланды.