Манас шаарында «Мамлекеттик тил корголууга эмес, колдонулууга муктаж» аттуу жыйын өттү

2026-жылдын 18-февралында Манас шаарынын мэриясында «Мамлекеттик тил корголууга эмес, колдонулууга муктаж» аттуу жыйын болуп өттү.

 Иш-чарага шаардын мэри Эрнисбек Ормоков, Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Болотов, мамлекеттик тил боюнча адистер, мугалимдер жана студенттер катышты. Жыйындын жүрүшүндө шаар мэри мамлекеттик тилди өнүктүрүү ар бир жарандын жана ар бир мекеменин негизги милдети экенин белгиледи.

 Ошондой эле шаар аймагында иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү, калкка кызмат көрсөтүүдө тил маданиятын жогорулатуу жана тилди күнүмдүк турмушта кеңири колдонуу башкы багыт болуп саналарын айтты. Андан соң Манас шаарында мамлекеттик тил боюнча мыйзамдардын аткарылышы, тиешелүү токтомдордун ишке ашырылышы жана тилдин учурдагы абалы тууралуу баяндама жасалды. 

Жыйын Мелис Мураталиевдин баяндамасы менен улантылып, мамлекеттик тилдин практикалык колдонулушунда муниципалдык кызматтардын орду, ошондой эле бул багыттагы көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору тууралуу кеңири сөз болду. 

Иш-чаранын жыйынтыгында мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча иш-аракеттерди күчөтүү, бардык мекемелерде аны колдонуу деңгээлин жогорулатуу жана кызмат көрсөтүүдө тил талаптарын сактоо боюнча бир катар сунуштар кабыл алынды. Манас шаарында мамлекеттик тилди колдоо жана жайылтуу багытындагы иштер мындан ары да системалуу түрдө улантылмакчы.

Архив