2026-жылдын 19-февралында Бабур атындагы Ош мамлекеттик өзбек музыкалык драма театры имаратында 21-февраль – Эне тилдин эл аралык күнүнө карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев, Ош шаарынын мэринин орун басары Нурлан Закиров жана башка жооптуу жетекчилер катышты.
Салтанаттын жүрүшүндө мамлекеттик тилди колдоо жана анын өнүгүшүнө салым кошуп, шаар мэриясы менен тыгыз кызматташкан мекемелерге жана тармак өкүлдөрүнө атайын сыйлыктар тапшырылды.
Маданий программанын алкагында Ош шаардык жаштар театры тарабынан мамлекеттик тилди даңазалаган сахналык көрүнүш тартууланды. Ошондой эле ар улуттун өкүлдөрүнүн аткаруусундагы ырлар, бийлер жана концерттик номерлер көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулады.
Аталган иш-чара ар бир улуттун эне тилин кадырлоо, мамлекеттик тилди жайылтуу жана анын баалуулугун урматтоо максатында уюштурулду.