Бүгүн, 20-февралда, Эл аралык эне тил күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия жана К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети тарабынан уюштурулган “Кыргыз ырлары чет өлкөлүк студенттердин аткаруусунда” аттуу республикалык фестиваль Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында салтанаттуу белгиленди.
Фестиваль мамлекеттик тилди даңазалоо, кыргыз маданиятын жайылтуу жана чет өлкөлүк студенттердин кыргыз тилине болгон кызыгуусун арттыруу максатын көздөдү.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы А.К. Койчиев өз сөзүндө мамлекеттик тилди сактоо жана өнүктүрүү маселеси анын байыркы жазма эстеликтерин терең изилдөө менен тыгыз байланышта экенин кеңири белгиледи. Ал төмөнкү багыттарга өзгөчө токтолду:
• тилдин тарыхый тамырларын ачып көрсөткөн байыркы рун жазмаларын илимий негизде изилдөө жана жайылтуу;
• Жусуп Баласагын жана Махмуд Кашгари сыяктуу улуу ойчулдардын мурастарын жогорку илимий деңгээлде (факсимиле, транскрипция, транслитерация, котормо жана илимий түшүндүрмөлөр менен) жарыялоо;
• IX кылымдагы Ырк битиг эстелигин заманбап илимий стандартта басып чыгаруу жана азыркы кыргыз тилине которуу;
• 1303-жылы жазылган «Кодекс куманикус» кол жазмасын жана XVII кылымдагы «Келур-наме» сөздүгүн кеңири иликтеп, жаш муунга жеткирүү.
Мамлекеттик катчы бул демилгелер улуттук аң-сезимди бекемдөөгө, кыргыз тилинин тарыхый тереңдигин жана маданий байлыгын ачып көрсөтүүгө кызмат кыларын белгилеп, аны “кыргыз ренессансы” багытындагы маанилүү кадам катары баалады.
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы М. Мураталиев мамлекеттик тилди жайылтуу системалуу жана ырааттуу ишти талап кыларын белгиледи. Ал тил саясаты билим берүү, илим, маданият жана санариптик чөйрө менен айкалышып өнүгүшү зарыл экенин айтты.
Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Г. Исаматова чет өлкөлүк студенттердин кыргыз тилинде эркин сүйлөп, улуттук ырларды аткарып, бий өнөрүн көрсөтүп жатышы бул мамлекеттик тил саясатынын жыйынтыгы экенин баса белгиледи.