Бүгүн 12-мартта академик К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы №369 “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу жөнүндө Жарлыгына ылайык “Коомдун өнүгүшү – илимде” аттуу тегерек стол уюштурулду.
Иш-чарага университеттин ректору, профессор Мирлан Дылдаев, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын Тил саясаты бөлүмүнүн башкы адиси Асылбек Орозов, профессордук-окутуучулар курамы, илимий кызматкерлер жана студенттер катышты.
Жыйынды ачкан университеттин ректору, профессор Мирлан Дылдаев өлкөнүн интеллектуалдык жана руханий потенциалын бекемдөөдө илим менен билим берүүнүн орду өзгөчө мааниге ээ экенин белгилеп, “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу бул багыттагы маанилүү мамлекеттик демилге экенине токтолду.
Тегерек столдун жүрүшүндө тарых, философия, экология, мамлекеттик тил саясаты жана улуттук баалуулуктарга байланышкан темалар талкууланды. Баяндамаларда Кыргызстандагы тарых илиминин өнүгүү келечеги, кыргыз философиясынын өзгөчөлүктөрү, экологиялык маданияттын жашыл экономиканын негиздеринин бири катары мааниси, ошондой эле мамлекеттик тил саясатынын коомдогу ролу тууралуу пикирлер айтылды.
Ошондой эле студенттер улуттук нарктуулук жана жаштардын баалуулуктарга болгон көз карашы боюнча өз ойлорун ортого салышып, жаш муундун коомдук өнүгүүдөгү орду белгиленди.
Жыйынтыгында илимди колдоо, улуттук баалуулуктарды сактоо, экологиялык маданиятты өнүктүрүү жана мамлекеттик тилдин колдонулушун кеңейтүү коомдун туруктуу өнүгүүсүнүн маанилүү шарттары экени белгиленди.