Башкы прокуратуранын Юридикалык академиясында «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу тааныштырылды
2026-жылдын 13-мартында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Юридикалык академиясында студенттердин улуттук аң-сезимин жогорулатуу, мамлекеттик тилге болгон жоопкерчилигин арттыруу жана дүйнөлүк маданий мейкиндикте атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү максатында «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» темасында конок-лекция өткөрүлдү.
Иш-чарага конок-лектор катары Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Мураталиев Мелис Казакбаевич катышты.
Лекциянын жүрүшүндө улуттук баалуулуктарды сактоо, мамлекеттик тилдин коомдогу орду, жаш муундун руханий жана интеллектуалдык өнүгүүсү, ошондой эле глобалдык дүйнөдө атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди тарбиялоо маселелери кеңири талкууланды.
Иш-чара академиянын студенттери жана окутуучулук-профессордук курамдын катышуусунда өтүп, катышуучулар конок-лектор менен түз баарлашып, өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
Бул конок-лекция жаштардын дүйнө таанымын кеңейтүүгө, улуттук баалуулуктарды даңазалоого жана мамлекеттик тилдин ролун бекемдөөгө багытталган маанилүү билим берүү иш-чараларынын бири болуп саналат.
Архив