Жарандарды кабыл алуу графигин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамынын 7-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 11-октябрындагы №197 тескемесине ылайык, жарандардын кайрылууларына ыкчам жооп кайтаруу, калк менен өз ара байланышты жакшыртуу, кайрылууларды өз убагында жана сапаттуу кароо, ошондой эле ачык-айкындуулукту камсыз кылуу максатында төмөнкүдөй жарандарды кабыл алуу графиги бекитилди:

Жарандарды кабыл алуу графиги: Улуттук комиссиянын төрагасы – жумасына 1 жолу, ар шейшемби күнү саат 14:00дөн 17:00гө чейин;

Улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары – жумасына 1 жолу, ар шаршемби күнү саат 14:00дөн 17:00гө чейин;

Түзүмдүк бөлүмдөрдүн башчылары – жумасына 1 жолу, ар бейшемби күнү саат 14:00дөн 17:00гө чейин.

Кабылдама: 0312 64 10 24, Дареги: Чүй 265а (4-кабат), электрондук дарек: mamtil.kg@mail.ru

Архив