КАДРЛАР РЕЗЕРВИН ТҮЗҮҮ ҮЧҮН АЧЫК КОНКУРС ЖАРЫЯЛАНАТ

Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 13-февралындагы № 43 Жарлыгы менен бекитилген “Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын башкы жана улук административдик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү жана анын иштөө тартиби жөнүндө” жобого ылайык Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия мамлекеттик жарандык кызматтын башкы административдик мамлекеттик кызмат ордуна кадрлар резервине кабыл алуу боюнча ачык сынак өткөрүлөөрүн жарыялайт


Башкы административдик мамлекеттик кызмат ордуна талаптар (мониторинг жана талдоо бөлүмүнө):


1) кесиптик билимдин деңгээли:

- гуманитардык илимдер (юриспруденция багыты боюнча артыкчылыктуу), экономика жана башкаруу (менеджмент багыты боюнча артыкчылыктуу) жаатындагы жогорку билим;


2) иш стажы жана тажрыйбасы:

- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 3 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 5 жылдан кем эмес;

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

- төмөнкүлөрдү билүү:

Жалпы мыйзамдар:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2) “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;

3) Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;

4) “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

5) “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

6) “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

7) “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

8) “Маалымат алуу укугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

9) “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

10) “Электрондук башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

11) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Предметтик мыйзамдар:

1) “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы;

2) “Кыргыз Республикасынын расмий тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.

- кыргыз тилинин жазуу эрежелери.

- кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн керектүү көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;

         - Билгичтиги:

         - иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу; 

          - түзүмдүк бөлүмдүн көйгөйлөрүн талдоо, божомолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүгө жаңы ыкмаларды киргизүү; 

          - башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу; 

          - кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү проблемалуу кырдаалдарды өз убагында көрө билүү жана чечүү; 

          - алдыга коюлган милдеттерди чечүү максатында жаңы ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө; 

          - өз ишин жана түзүмдүк бөлүмчөнүн ишин натыйжалуу пландаштыруу; ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү; 

          - чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу.

- Көндүмдөрү: 

          - аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу; 

          - түзүмдүк бөлүмдү башкаруу (кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди туура бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана жүзөгө ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө); 

          - маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

          - ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоно билүү; 

          - мониторинг процессин уюштуруу жана жүргүзүү;

          - натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын, кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн ыкмаларын билүү, 

          - элдин алдында сүйлөө, мамлекеттик жана расмий тилдерде кат алышуу; 

          - компьютердик жана уюштуруу техниканы, керектүү программалык продуктуларды колдоно билүү.

4) Санариптик иш-билгиликке талаптар: 

Компьютер жана мобилдик түзүлмө менен иштөө

- тексттик, графикалык жана таблицалык редакторлор менен иштөө (Excel, Word ж.б); 

- файлдарды жана папкаларды түзүү жана алар менен иштөө (атын өзгөртүү, көчүрүү, ооштуруу, алып салуу жана калыбына келтирүү

- тышкы перифериялык түзүлмөнү кошуу; 

- диск мейкиндигин тазалоо (архивдештирүү). 

Компьютердик жана социалдык тармактарда иштөө: 

издөө, маалыматтарды алмашуу жана сактоо (Интернет, эл. почта жана башкалар); 

- электрондук каттарды алуу жана жөнөтүү

- издөө тармактарын колдоно билүү; 

- ар кандай браузерлер менен иштөө

- кызматтык этиканын ченемдерин эске алуу менен социалдык тармактарда сыпайы өз ара аракеттешүү. 

Өтө көп билдирүүлөр менен иштөө: 

- билдирүүлөрдүн жана ар кандай маалыматтардын жогорку ылдамдыкта өзгөрүү шартында маалыматтык база менен иштөө; 

- кабыл алынган чечимдин натыйжалуулугун колдоо үчүн статистикалык маалыматтарды талдоону жана билдирүүнү иштеп чыгуу; 

- файлдын өлчөмүн кыстыруу менен маалыматтардын чоң көлөмүн кабыл алуу/жөнөтүү. 

Маалыматтарды жана билдирүүлөрдү берүү: 

- бет ачарларды уюштуруу; 

- эсептөө менен байланышкан сандык маалыматтар менен иштөө.


Конкурска катышууну каалаган адамдар “е-Kyzmat” мамлекеттик порталындагы жеке кабинети аркылуу (https://kyzmat.gov.kg)  электрондук форматта өтүнмө берет:

-Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте анын жеке маалыматтарын берүүгө, чогултууга жана иштеп чыгууга макулдугун ырастайт;
 -мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка кирүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген антикоррупциялык чектөөлөрдү кабыл алууну ырастайт.

Өтүнмөгө электрондук форматтагы төмөнкү көрсөтүлгөн документтер (сканерленген) тиркелет:

-паспорттун көчүрмөсү;

-кадрлык өздүк баракчасы

-өмүр баяны, резюме (уюлдук телефонун, электрондук почтасын жана -соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
 -керектүү кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтер (эмгек китепчесинин, билими, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт);

- мамлекеттик тилди билүү деңгээлин тастыктаган Кыргызтест сертификаты;

- аскердик билет.

Документтерди тапшыруу 2026-жылдын 15-июнуна чейин (кошкондо) жүргүзүлөт. Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган талапкерлерге Конкурска катышууга жол берилбейт.

Биздин дарегибиз: Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия, Бишкек шаары, Чуй пр., 265а, 405-кабинет, телефон: 0995112312 (9:00дан-17:00чейин).

Архив