МЕКТЕПТЕРГЕ 3 МИҢДЕН АШЫК КИТЕП ТАПШЫРЫЛДЫ.

Бишкек шаарында «Тойбосс» компаниясынын, «Турар» басмасынын жана «Тоо балдары» коомдук фондунун демилгеси менен уюштурулган иш-чара болуп өттү. 5-июнда болгон бул саамалыкка Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев катышты. Кыргызстандын 100 мектебине кыргыз тилиндеги 3 миңден ашуун китеп тапшыруу боюнча салтанаттуу иш-чара болду.

Долбоордун алкагында мектеп китепканаларына кыргыз тилиндеги 3 287 китептен турган 173 китеп куржуну тапшырылды. Долбоор балдардын китеп окууга болгон кызыгуусун арттырууга, мамлекеттик тилди жайылтууга жана окуучулардын кыргыз тилиндеги сапаттуу адабияттарга жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө багытталган.

Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия кыргыз тилин өнүктүрүүгө, китеп окуу маданиятын жайылтууга жана балдар менен жаштар үчүн мамлекеттик тилде сапаттуу контент түзүүгө багытталган демилгелерди туруктуу колдоп келет.

Белгилей кетсек, «Тойбосс» компаниясы бул демилгени экинчи жыл катары менен колдоп, быйыл долбоордун масштабы кыйла кеңейтилди. Эгер өткөн жылы китептер өлкөнүн 50гө жакын мектебине жеткирилсе, быйыл кыргыз тилиндеги 3 287 китеп Кыргызстандын 100 мектебине тапшырылууда.

Мындай долбоорлор мамлекеттик тилди сактоого, өнүктүрүүгө жана жайылтууга олуттуу салым кошуу менен бирге өсүп келе жаткан муундун китеп окуу маданиятын бекемдөөгө өбөлгө түзөт.

Архив