2026-жылдын 2-мартынан 11-майына чейин И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин профессордук-окутуучулук курамы үчүн мамлекеттик тилди билүү деңгээлин жогорулатууга багытталган атайын окуу курсу уюштурулду.
Окутуучулар «В1 деңгээли боюнча “Кыргызтестке” даярдануу» программасынын алкагында квалификацияны жогорулатуу боюнча тереңдетилген окуудан өтүштү. Окуу программасы 2,4 кредит (ECTS) көлөмүндө түзүлүп, катышуучуларга мамлекеттик тил боюнча билимдерин жана практикалык көндүмдөрүн өркүндөтүүгө кеңири мүмкүнчүлүк берди.
Курстун негизги максаты окутуучулардын мамлекеттик тилде эркин сүйлөө, сабаттуу жазуу жана аны кесиптик ишмердүүлүгүндө натыйжалуу колдонуу деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле «Кыргызтест» улуттук тестирлөө тутумунун сынактарына сапаттуу даярдоо болду.
Окуу аяктагандан кийин И. Раззаков атындагы КМТУнун окутуучулары «Кыргызтест» борборунда расмий тесттерди тапшыра башташып, жогорку көрсөткүчтөрдү көрсөтүүдө. Бул алардын мамлекеттик тилди өздөштүрүү деңгээлинин жогорулаганын жана окуу программасынын натыйжалуулугун тастыктайт.
Аталган курс университеттин профессордук-окутуучулук курамынын кесиптик потенциалын арттыруу менен катар, окуу жайда мамлекеттик тил саясатын өнүктүрүүгө жана кыргыз тилинин коомдогу макамын бекемдөөгө олуттуу салым кошууда.
Университеттин жетекчилиги жана жалпы жамааты курсту ийгиликтүү аяктап, «Кыргызтест» сынактарын жогорку деңгээлде тапшырып жаткан кесиптештерин чын жүрөктөн куттуктап, аларга мындан аркы ишмердүүлүгүндө жаңы ийгиликтерди каалайт.