Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында Кыргыз Республикасында 2021–2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасынын алкагында Енисей, Орхон, Монголия, Талас жергесинде табылган байыркы жазма эстеликтерден, Орто кылымдардагы кыпчак жазма эстеликтеринен, академик В. Радловдун сөздүктөрүнөн кыргыз сөзү катары терилип алынган 16 миңге чукул сөздөн турган “Байыркы кыргыз тилинин сөздүгүнүн” бет ачар аземи өттү.
Ошондой эле КР УИАнын Б. Юнусалиев атындагы тил илими институтунун кызматкерлеринин катышуусу менен Эл аралык Түрк академиясы тарабынан басылып чыккан: “Түрк тилдеринин лингвистикалык терминдер сөздүгү”, “Түрк тилдеринин эл аралык мамилелер жана дипломатия терминдеринин сөздүгү”, “Түрк тилдеринин маалыматтык технологиялар жана жасалма интеллект терминдеринин сөздүгү”, академик С.Ж. Мусаевдин “Мезгил жалындагы ойлор” эмгектери коомчулукка тааныштырылды.
Бул басылмалар кыргыз тилинин тарыхый мурасын изилдөөгө, түрк тилдеринин терминологиялык фондун байытууга, ошондой эле заманбап маалыматтык технологиялар жана жасалма интеллект тармагындагы түшүнүктөрдү, терминдерди системалаштырууга багытталган маанилүү эмгектер болуп саналат.
Иш-чарада Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, Улуттук илимдер академиясынын, Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин өкүлдөрү, белгилүү окумуштуулар: академик А.А.Асанканов, философия илимдеринин докторлору Ө.К.Козубаев, Н.К. Саралаев, профессор К. Конкобаев, ф.и.д., профессор Б.Ж. Усманбетов, ф.и.д. Д. Кенжебаев, сөздүктүн түзүүчүлөрү ф.и.д., академик С.Ж. Мусаев, ф.и.д., С.З. Садыковалар эмгектердин илимий жана практикалык мааниси боюнча баяндама жасашты.
Аземдин алкагында байыркы кыргыз жазмасынын Енисей доору тууралуу даректүү видеотасма көрсөтүлдү.
Иш-чара кыргыз тилинин тарыхый мурасын сактоо, терминологиялык өнүгүүсүн камсыз кылуу жана илим менен технологиянын тили катары өнүктүрүү багытындагы иштердин жыйынтыктарын коомчулукка тааныштыруу максатын көздөйт.