Бүгүн, 9-июлда Агартуу министрлигине караштуу «Окуу китеби» мамлекеттик мекемеси тарабынан кыргыз тили, география жана тарых предметтери боюнча жаңы муундагы окуу-методикалык комплекстердин мазмундук негиздерин түзүүгө багытталган тегерек стол болуп өттү.
Ага, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев жана Тил саясаты бөлүмүнүн башкы адиси Кутмырза Жакыбалиев катышты.
Тегерек столдун негизги максаты – 12 жылдык жалпы билим берүү моделине өтүү шартында жаңы муундагы окуу-методикалык комплекстерди иштеп чыгуунун мазмундук жана идеологиялык багыттарын аныктоо, ошондой эле окуу программаларын өркүндөтүү жана алкактык документти даярдоо боюнча сунуштарды иштеп чыгуу болду.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев, Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, окуу китептеринин авторлору, эксперттер жана өнөктөш мекемелердин өкүлдөрү катышты.