УЛУТТУК КОМИССИЯНЫН ТӨРАГАСЫ МЕЛИС МУРАТАЛИЕВ КАРАКОЛДОГУ “АДАБИЯТ УҢГУ ЖОЛУНДА” II ЭЛ АРАЛЫК КУРУЛТАЙЫНА КАТЫШТЫ

          

 18-19-июль күндөрү Каракол шаарында «Адабият уңгу жолунда» аттуу II эл аралык курултайы болуп өттү.

           Иш-чара КР Президентинин «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» Унгужолу жөнүндөгү жарлыгынын алкагында “Кыргыз кайрыктары” коомдук адабий бирикмеси тарабынан уюштурулуп, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев кыргыз баалуулуктары боюнча баяндама жасады. 

           Курултайга КР Президентинин кеңешчиси – кыргыз эл жазуучусу Чолпонбек Абыкеев,  ТҮРКСОЙ эл аралык уюумунун жетекчиси Султан Раев, КР маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин бөлүм башчысы Акжол Дооронбек уулу, маданиятка эмгек сиңирген ишмер, тарыхчы Кыяс Молдокасымов, КР Улуттук жазуучулар союзунун орун басары Жылдыз Акаева, кыргыз эл акындары: Меңди Мамазаирова, Кожогелди Култегин, Маркабай Ааматов, Абдыжапар Эгембердиев, “Кыргыз тили коому” бирикмесинин президенти Раимжан Курбановт жана Кыргызстан калкы ассамблеясынын Ысык-  Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Майрыковдор катышты.

          Бул жыйында кыргыз адабиятынын абалы, эртеңки келечеги тууралуу маанилүү сунуштар айтылып, резолюция кабыл алынды.  Улуттук адабияттын өсүп-өнүгүшүнө жаңы дем иретинде, акын-жазуучуларга сыйлыктар ыйгарылды. 

Архив