АДАБИЙ, ИЛИМИЙ жана БАЛДАРГА АРНАЛГАН ЧЫГАРМАЛАР БОЮНЧА АВТОРЛОРДУН КОЛ ЖАЗМАЛАРЫНА СЫНАК ЖАРЫЯЛАНАТ


Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия «2026–2028-жылдары Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү» программасын ишке ашыруунун алкагында кыргыз тилинин өнүгүүсүнө багытталган адабий басылмаларды, илимий монографияларды жана балдар үчүн түстүү иллюстрациялуу, интерактивдүү балдар энциклопедияларын басып чыгаруудан мурда авторлор же түзүүчүлөр тарабынан даярдалган кол жазмаларды тандап алуу үчүн сынак жарыялайт.

1. Сынактын максаты

Сынактын негизги максаты – мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө жана колдонуу чөйрөсүнүн кеңейишине өбөлгө түзгөн, кыргыз тилиндеги заманбап, сапаттуу жана мазмундуу басылмаларды даярдоону колдоо.

Сынак төмөнкү багыттар боюнча өткөрүлөт:

  1. Кыргыз тилиндеги адабий басылмаларды даярдоо жана басып чыгаруу;
  2. Кыргыз тилинин өнүгүүсүнө арналган илимий монографияларды даярдоо жана басып чыгаруу;
  3. Балдар үчүн кыргыз тилиндеги түстүү иллюстрациялуу, интерактивдүү энциклопедияларды даярдоо жана басып чыгаруу.

2. Сынакка катышуучулар

Сынакка төмөнкүлөр катыша алышат:

  • авторлор;
  • автордук жамааттар;
  • илимий кызматкерлер;
  • жогорку окуу жайлар;
  • илимий мекемелер;
  • басма үйлөр;
  • чыгармачыл жана коомдук уюмдар;
  • мыйзамдарга ылайык катталган башка юридикалык жактар.

3. Сынакка сунушталуучу эмгектерге коюлуучу талаптар

Сынакка сунушталган эмгектер төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш:

  • кыргыз тилинде даярдалган болушу;
  • мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө кызмат кылышы;
  • мазмуну илимий же көркөмдүк жактан негиздүү жана актуалдуу болушу;
  • автордук укуктар толугу менен сакталган болушу;
  • мурда мамлекеттик бюджеттин эсебинен басылып чыкпаган болушу;
  • адабий тилдин нормаларына жана орфографиялык эрежелерге жооп бериши;
  • басууга толук даяр кол жазма түрүндө сунушталышы.

Балдар энциклопедиялары кошумча төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш:

  • жаш өзгөчөлүгүнө ылайык даярдалган болушу;
  • сапаттуу иллюстрациялар менен коштолушу;
  • интерактивдүү элементтерди (QR-код, мультимедиялык материалдарга шилтеме жана башка санариптик чечимдер) камтышы;
  • билим берүүчү жана тарбиялык мааниге ээ болушу.

4. Тандоо критерийлери

Сынактык комиссия сунуштарды төмөнкү критерийлер боюнча баалайт:

  • мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон салымы;
  • чыгарманын актуалдуулугу;
  • мазмунунун сапаты жана илимий же көркөм деңгээли;
  • жаңычылдыгы жана оригиналдуулугу;
  • окурмандар үчүн жеткиликтүүлүгү;
  • тил маданиятынын деңгээли;
  • практикалык колдонуу мүмкүнчүлүгү;
  • басууга даярдыгы.

5. Талап кылынуучу документтер

Катышуучу төмөнкү документтерди тапшырат:

  • сынакка катышуу жөнүндө арыз;
  • чыгарманын электрондук жана басма варианты;
  • чыгарманын кыскача аннотациясы;
  • автор жөнүндө маалымат;
  • автордук укук боюнча кепилдик кат;
  • юридикалык жактар үчүн мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү.

6. Сынакты өткөрүү тартиби

Сынак эки этап менен өткөрүлөт:

I этап – документтерди кабыл алуу жана техникалык кароо;

II этап – эксперттик комиссия тарабынан мазмундук баалоо.

Зарыл болгон учурда комиссия катышуучуларды өз эмгегин презентациялоого чакырууга укуктуу.

7. Жеңүүчүлөрдү аныктоо

Жеңүүчүлөр сынактык комиссиянын чечими менен аныкталат.

Жеңүүчү деп табылган эмгектер Программада каралган тартипте мамлекеттик колдоо аркылуу басылып чыгарылат.

Комиссия айрым эмгектерди кайра иштеп чыгуу боюнча сунуш берүү укугун өзүнө калтырат.

8. Документтерди кабыл алуу мөөнөтү

Документтер жарыя расмий жарыяланган күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде кабыл алынат.

9. Документтерди кабыл алуу дареги

Дареги: ___ Бишкек ш., Чүй проспекти – 265 а, КР УИА, 3-кабат, Кыргыз энциклопедия жана терминология борбору____

Телефон: ____(0312) 64 11 03; 0550 170 163_____

Электрондук почта: ___ ulut_ensk@mail.ru

Расмий сайты: _____ mamtil.gov.kg __

10. Кошумча маалымат

Сынакка катышуу акысыз жүргүзүлөт.

Сынактын жыйынтыгы уюштуруучунун расмий интернет-ресурсунда жарыяланат.

Сынакка байланыштуу бардык суроолор боюнча уюштуруучуга жумуш убактысында кайрылууга болот.

Сынактын жарыяланган күнү: 23-июль, 2026-жыл.

Архив