Бүгүн, 5-август Бишкек шаарында балдар контентине арналган “Нуркидс” экоплатформасынын таанытымы болуп өттү.
Балдар арасында мамлекеттик тилди жайылтууга салымы зор бул тиркемени таанытуу иш-чарасын Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия колго алып, “Нуркидс” ЖЧКсы менен биргеликте өткөрдү.
Ага КР Жогорку Кеңешинин депутаты Салтанат Аманова, КР Агартуу министрлигинин, КР Маданият маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин, КР Улуттук банктын, Бишкек шаардык мэриясынын өкүлдөрү, мектепке чейинки мекемелердин башчылары жана балдар контентин түзүүчүлөр катышты.
Балдардын кыргыз тилине болгон кызыгуусун арттыруу – мамлекеттик тилдин келечеги. Ага кам көрүү, колдоого алуу учурдун эң актуалдуу талабы экендигин КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев белгилеп өттү.
“Нуркидс” платформасында балдарга кыргызча оюндар, чакан мультфилмдер, ырлар, жомоктор бар. Түзүүчүлөр контент ар дайым жаңыланып, толукталып тураарын баса белгилешти. Бул өз кезегинде, келечектеги жаш муунга кыргыз тилин үйрөтүүгө, балдарды сапаттуу маалымат менен камсыздоого өбөлгө түзөт.
Демилгени Кыргызстан элинин Ассамблеясы да колдоого алып, жайылтууга, материалдык жактан да жардам берүүгө даяр экенин ассамблеянын төрагасы Медер Рахман өз сөзүндө баса белгиледи.
Иш-чаранын соңунда КР Улуттук банк, балдар контентин жаратуучулар “Нуркидс” платформасы менен кызматташууга кызыктар экенин билдиришти.