КУЛАКТАНДЫРУУ! КЫРГЫЗТЕСТТИН ИМАРАТЫ УБАКТЫЛУУ БАШКА ЖАКА ЖЫЛДЫ

         Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тапшырмасынын негизинде мамлекеттик тил боюнча тестти жүргүзүү шарттарын жакшыртуу максатында, «Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси 2026-жылдын 13-августунан тартып тестти Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын (КММА) тест борборунда уюштурат. 

Тестке ЧАТ-БОТ аркылуу катталган жеке жарандарды, мекемелердин кызматкерлерин жана каалоочуларды көрсөтүлгөн дарекке келүүңүздөрдү өтүнөбүз. 

Тест жүргүзүү мурдагыдай эле 2 нөөмөттө уюштурулат. 

1-нөөмөт саат 09:00дө 

2-нөөмөт саат 13:00дө 

КММАнын тест борборунун дареги: Бишкек шаары, Байтик Баатыр көчөсү, 8Б

Архив