Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Маматканов Улан Эркинович Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын жана ага караштуу мекемелердин ишмердүүлүгү менен таанышып, мамлекеттик тилди өнүктүрүү багытында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекеттик тил саясатын ишке ашыруунун актуалдуу маселелери, тилди колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү, мамлекеттик тилди үйрөнүүгө жана аны билүү деңгээлин баалоого түзүлгөн шарттарды мындан ары жакшыртуу маселелери талкууланды.
Ошондой эле «Кыргызтест» мекемесинин ишмердүүлүгү менен таанышуу болуп, мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тестирлөөгө катышуучулардын саны акыркы мезгилде кыйла көбөйгөнү белгиленди.
Ушуга байланыштуу тест тапшыруучулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, тестирлөө процессинин сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле мекеменин материалдык-техникалык базасын чыңдоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Анын ичинде «Кыргызтесттин» имарат-жайын кеңейтүү жана тест тапшыруучулардын көбөйгөн агымына ылайык тиешелүү шарттарды түзүү боюнча сунуштар каралды.
Жолугушуунун жыйынтыгында мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баалоонун натыйжалуулугун жогорулатуу, тестирлөө процессин өркүндөтүү жана жарандар үчүн заманбап, ыңгайлуу шарттарды камсыз кылуу боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүү зарылдыгы белгиленди.
Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана анын коомдук турмуштун бардык тармактарында кеңири колдонулушун камсыз кылуу боюнча иштер мындан ары да улантылат.