КӨЧМӨН МАДАНИЯТЫН САКТОО – КЕЛЕЧЕКТЕГИ МАДАНИЙ ӨНҮГҮҮ

КР Президентине карашту Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында уюштурулган эл аралык конференцияда баяндама жасады.  

«Дүйнөлүк көчмөн элдердин маданий мурасы: сактоо, изилдөө жана өнүктүрүү» аттуу Эл аралык илимий-практикалык конференция        3-4-сентябрь Ысык-Көл олбусунун Чолпон-Ата шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы “Рух Ордо” маданий-этнографиялык борборунда жана Өрнөк айылындагы "Кырманжан Датка" маданий борборунда өткөрүлдү.

Окумуштуу-изилдөөчүлөрдүн, окутуучулардын, эксперттердин жана салттуу музыка өкүлдөрүнүн башын бириктирген илимий талкуу кыргыз, орус жана англис тилдеринде офлайн жана онлайн форматта өткөрүлдү.

Ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Түркия, Улуу Британия, Словения, АКШ, Канада, Жаңы Зеландия, Кытай, Индия, Пакистан, Жапония, Монголия, Греция, Италия, Венгрия, Гана, Түштүк Африка, Шри-Ланка, Россия, Франция жана башка өлкөлөрдүн окумуштуулары, адистери катышты. 


Мелис Мураталиев “Кыргыз өнөрүнүн өзгөчөлүгү, дүйнө таанымдык жана философиялык негиздер” деген тема аркылуу, кыргыз элинин кылымдарды карыткан бай маданиятын, тарыхын жана байыртан эле кыргыз элинин дүйнө таанымы кенен болгонун ачып берди.


Конференциянын өзгөчөлүгү –илимий баяндамалар жана талкуулар форматында гана эмес, музыкалык мастер-класстар менен коштолду. Индиялык катышуучу Маникат Рачана өз элинин бий өнөрү боюнча кеңири маалымат берип, мастер-класс көрсөтсө, Япониялык Михо Ямадзи япон элинин 13 кылдуу "кото" деген аспабын тааныштырып, музыка ойноп берди. Мындан башка да ар башка өлкөдөн келген катышуучулар өз маданиятындагы өзгөчөлүктөрүн кеңири тааныштыра алышты.  

Конференциянын жыйынтыгында резолюция кабыл алынды.

Жыйынтыктоочу документте эл аралык илимий жана маданий коомчулуктун мындан аркы биргелешкен иштеринин негизги багыттары аныкталган.

Алар:

  • Салттуу маданиятты изилдөө боюнча эл аралык илимий платформаны өнүктүрүү; 
  • санариптик архивдерди жана маалымат базаларын түзүү жана өнүктүрүү;
  • салттуу искусствонун көрүнүктүү өкүлдөрүн колдоо;
  • «устат – шакирт» тутумун өнүктүрүү;
  • жаш изилдөөчүлөрдү жана педагогдорду даярдоо;
  • маданий мурасты изилдөө жана документтештирүү үчүн заманбап технологияларды колдонуу;
  • эл аралык илимий жана билим берүү алмашууну кеңейтүү жана маданий дипломатияны өнүктүрүү.

Ошондой эле, катышуучулар ар кайсы өлкөлөрдүн университет, консерватория, изилдөө борборлору, архив жана маданий борборлордун илимий потенциалын бириктире ала турган долбоорлорду колдоого макулдашты.


Катышуучулар көчмөн цивилизациясынын мурасын сактоо – бул маданий эстутумду гана сактоо эмес, келечектеги маданий өнүгүү экендигин баса белгилешти.

Архив