МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИ ИЧКИ ИШТЕР ОРГАНДАРЫНДА КОЛДОНУУНУ ӨРКҮНДӨТҮҮ БОЮНЧА ТЕГЕРЕК СТОЛ ӨТКӨРҮЛДҮ

Кече, 18-сентябрь «Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарында мамлекеттик тилди колдонууну өркүндөтүү жана чечүү жолдору» аталышындагы тегерек стол болуп өттү.

23-сентябрь – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө карата ИИМдин милициянын генерал-майору Ж.Ш. Шабиров атындагы Республикалык окуу борбору тарабынан уюштурулган тегерек столго КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев, КР ИИМдин Башкы штабынын Мамлекеттик тил жана редакциялоо бөлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги А. Орозакунов, КР Агартуу министрлигинин Мектептик билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Г. Ибраимова, Ж. Баласагын атындагы КУУнун кыргыз филологиясы факультетинин кыргыз тил илими кафедрасынын профессору, филология илимдеринин доктору Г. Абдыразакова, И. Арабаев атындагы КМУнун Педагогика кафедрасынын башчысы, педагогика илимдеринин доктору, профессор А. Калдыбаева, КР Коргоо министрлигинин Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана редакциялоо бөлүмүнүн башчысы, полковник У. Чанов, КР  Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматынын Лингвистикалык жана дин таануу экспертизалар башкармалыгынын башчысы Н. Сакбаевдер  катышып, баяндама жасады.

Иш-чаранын жүрүшүндө ички иштер органдарында мамлекеттик тилди колдонуудагы жетишкендиктер жана көйгөйлөр, кызматтык документтерди мамлекеттик тилде сапаттуу жүргүзүү, укуктук жана ченемдик документтердин тилдик сапатын камсыз кылуу, кесиптик терминологияны бирдей колдонуу, кызматкерлердин тилдик сабаттуулугун жогорулатуу маселелери кеңири талкууланды. 

Натыйжада ички иштер органдарында мамлекеттик тилди колдонуу маданиятын жогорулатуу, кызматтык иш кагаздарын сапаттуу жүргүзүү, кызматкерлердин мамлекеттик тилде иш алып баруу көндүмдөрүн өркүндөтүү боюнча бир катар сунуштар берилди. 

Иш-чаранын соңунда Мамлекеттик тил күнүнө карата даярдалган дубал гезиттер көргөзүлүп,  улуттук баалуулуктарды урматтоого жана мамлекеттик тилди даңазалоого багытталган маданий программа тартууланды. 

Белгилей кетсек, Мамлекеттик тил жөнүндөгү КР конституциялык Мыйзамынын талаптарын ишке ашыруу боюнча КР Ички иштер министрлиги алгылыктуу кадамдарды жасап, башка мекемелерге үлгү болорлук иш алып барууда. 

 

Архив