Бишкек шаары, 2026-жылдын 23-сентябры. 23-сентябрь – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы тарабынан салтанаттуу жыйын өткөрүлдү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлдөрү, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, мамлекеттик органдардын, билим берүү жана илимий мекемелердин өкүлдөрү, тил жаатындагы адистер жана коомчулуктун өкүлдөрү катышты.
Салтанаттуу жыйында алгачкы сөз Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Аслан Койчиев Капайовичке берилип, ал өз сөзүндө кыргыз тилинин тарыхый жолуна, мамлекеттик тил макамынын маанисине жана өлкөдөгү тил саясатынын учурдагы багыттарына кеңири токтолду.
Мамлекеттик катчы кыргыз тилинин мамлекеттик тил катары өнүгүшү жана коомдук турмуштун бардык тармактарында кеңири колдонулушу улуттук мамлекеттүүлүктү бекемдөөнүн маанилүү шарттарынын бири экенин белгиледи. Ошондой эле бүгүнкү күндө мамлекеттик тил колдоого гана эмес, эң оболу күнүмдүк турмушта, кесиптик ишмердүүлүктө жана мамлекеттик башкарууда кеңири колдонулууга муктаж экенин баса айтты.
«Бул күн – элибиздин улуттук аң-сезимин, тарыхый эс тутумун жана руханий мурастарын сактап келген кыргыз тилинин мамлекеттик макамын даңазалаган маанилүү дата. Тил – ата-бабалардан калган ыйык мурас, улуттук биримдиктин жана мамлекеттүүлүктүн негизги баалуулугу. Кыргыз тилинин мамлекеттик тил катары бекемделип, коомдук турмуштун ар кыл чөйрөлөрүндө колдонулуп келе жаткандыгы биздин ири жетишкендиктерибиздин бири. Аны сактоо, кадырлоо жана заман талабына ылайык өнүктүрүү – азыркы учурдун тарыхый жоопкерчилиги», – деп белгилеген Аслан Койчиев жалпы кыргыз элин Мамлекеттик тил күнү менен куттуктады.
Мамлекеттик катчынын айтымында, мамлекеттик тилди өнүктүрүү – бир гана тил саясатын жүргүзгөн мекемелердин милдети эмес, жалпы коомдун, ар бир жарандын жоопкерчилиги. Кыргыз тилинин кадыр-баркын көтөрүү менен катар аны билим берүүдө, илимде, маданиятта, мамлекеттик башкарууда жана санариптик чөйрөдө кеңири колдонууга шарт түзүү зарыл.
Ошондой эле жыйында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Салтанат Абдылдаевна Аманова куттуктоо сөзүн сүйлөп, мамлекеттик тилдин өнүгүү этаптарына жана бүгүнкү күндөгү маанисине токтолду.
Ал өз сөзүндө эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында кыргыз тилин жарандарга үйрөтүүгө, окуу-усулдук колдонмолорду жана илимий эмгектерди мамлекеттик тилде басып чыгарууга өзгөчө көңүл бурулганын айтты.
Эл өкүлүнүн белгилөөсүндө, акыркы жылдары мамлекеттик тилдин өнүгүүсүндөгү маанилүү көрсөткүчтөрдүн бири – коомдук аң-сезимдин өзгөрүп, кыргыз тилинин баалуулугун түшүнүү жана аны колдонууга болгон умтулуунун күчөшү болду.
«Мамлекеттик тил күнүн белгилеп жатканыбызга быйыл 37 жыл болууда. Эгемендүүлүк алгандан берки бул мезгилдин алгачкы жылдары жарандарыбызга кыргыз тилин үйрөтүү, окуу-усулдук колдонмолорду, илимий изилдөө китептерин мамлекеттик тилде чыгаруу менен өттү. Ал эми соңку жылдары аң-сезимдин калыптануусу мамлекеттик тилдин өнүгүүсүнүн иш жүзүндөгү көрсөткүчү болду десек да болот.
Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бир эле тилчилердин же окумуштуулардын милдети эмес, бул жалпыбыздын аракетибиз болууга тийиш. Биз азыртан тартып мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө кандай салым кошсок, кийинки жылы ушул майрамды дал ошондой жетишкендиктер менен тосуп алабыз. Муну мына бүгүн ойлонушубуз керек!» – деп, Салтанат Аманова жалпы коомчулукту мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө жигердүү салым кошууга чакырды.
Салтанаттуу жыйындын жүрүшүндө мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерине, тил саясатын ишке ашыруудагы милдеттерге жана кыргыз тилинин коомдогу ордун мындан ары бекемдөөнүн маанисине көңүл бурулду.
Мамлекеттик тил күнү – кыргыз тилинин бай тарыхын, улуттук өзгөчөлүгүн жана руханий мурас катары баалуулугун даңазалоо менен бирге, анын келечек муундар үчүн сакталышына жана заман талабына ылайык өнүгүшүнө болгон жалпы жоопкерчиликти эске салган маанилүү күн.