23-сентябрь Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө карата Ош шаарынын мэриясы тарабынан уюштурулган салтанаттуу иш-чарада, Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө салым кошуп келе жаткан муниципалдык кызматкерлер менен мугалимдер Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын ведомстволук сыйлыктары менен сыйланды.
Сыйлыкты Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын Санарип жана инновациялао бөлүмүнүн башчысы Айзаратбек Эсенов тапшырып, өлкөдөгү жүргүзүлүп жаткан тил саясаты тууралуу маалымат берди.
Иш-чаранын жүрүшүндө кыргыз тилинин коомдогу орду, анын өнүгүүсү жана кийинки муунга өткөрүп берүү маанилүүлүгү белгиленди. Манасчылар, төкмө акындар, белгилүү эстрада ырчылары, бий жана музыкалык топтор өнөрлөрүн тартуулашты.
Ошону менен бирге, Ош шаардык мэриясынын "Мамлекеттик тилдин санарип дүйнөсүндөгү орду" аталышында сынагы жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр шаардык мэриянын баалуу белектери менен сыйланды.