АЛАМҮДҮН РАЙОНУНДА "ЭНЕ ТИЛ - УЛУТТУН БАЙЛЫГЫ" АТТУУ КИТЕП, КОЛ ӨНӨРЧҮЛӨР КӨЗГӨЗМӨСҮ УЮШТУРУЛДУ

       Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө карата Чүй облусунун Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясында  “Эне тил – улуттун байлыгы” аттуу китеп, сүрөт, кол өнөрчүлөр көргөзмөсү болуп өттү. 

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын Тил саясаты бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Айнура Сооронбаева катышып, райондун элин майрамы менен куттуктады. 

   -  Мамлекеттик тилибиздин сакталуусуна, жайылуусуна түрдүү куралдар, методикалар менен салым кошуп жатканыңыздар чынында көңүл кубандырат. Бул үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын  атынан ыраазычылык билдирем. Мамлекеттик тил - мамлекеттүүлүктүн өзөгү. Аны коргоо жана колдоо, өнүктүрүү ар бирибиздин милдетибиз  -деди Сооронбаева.  

Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Урмат Айтиев,  Райондо мамлекеттик тилдин жайылуусуна салым кошкон кызматкерлерди ведомстволук сыйлыктар менен сыйлап, маданият бөлүмү тарабынан концерттик программа тартууланды.

Архив