25-сентябрь Мамлекеттик тил күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги жана Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институту тарабынан практикалык семинар өткөрүлдү.
Иш-чарага Окуу-маалыматтык жана котормо борборунун директору, Чүй облусунун райондук методикалык кабинеттеринин методисттери жана кыргыз тили мугалимдери катышты.
Семинардын жүрүшүндө кыргыз тилин окутуунун заманбап ыкмалары, окуучулардын кебин өстүрүү, баалоо, методикалык кызматташтык жана STEAM билим берүү куралдарын колдонуу боюнча баяндамалар жасалып, мастер-класстар өткөрүлдү.
Мындан тышкары, Чыңгыз Айтматовдун «Атадан калган туяк» чыгармасынын негизинде пластилин каармандарды жасап, аларга үн коштоо аркылуу мультфильм даярдоо тажрыйбасы көрсөтүлдү.
Семинар педагогдор үчүн тажрыйба алмашууга, жаңы усулдарды үйрөнүүгө жана кыргыз тилин окутуунун заманбап мүмкүнчүлүктөрү менен таанышууга жакшы аянтча болду.