УЛУТТУК БАНК «ТИЛ – БИРИМДИКТИН ЖАНА ӨНҮГҮҮНҮН НЕГИЗИ» АТАЛЫШЫНДА ИШ-ЧАРА ӨТКӨРДҮ

      25-сентябрь “Супара” этно-комплексинде «ТИЛ – БИРИМДИКТИН ЖАНА ӨНҮГҮҮНҮН НЕГИЗИ» аталышындагы иш-чара  болуп өттү.

Иш-чара КР Улуттук банкы тарабынан уюштурулуп,  КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев мамлекеттик тилди колдонууну кеңейтүү, улуттук баалуулуктарды жайылтуу, мамлекеттик тилде иштиктүү баарлашуу көндүмдөрүн өнүктүрүү боюнча баяндама жасады.

       Ошону менен бирге, КРнын мамлекеттик тили жөнүндөгү конституциялык Мыйзамын ишке ашырууга, иш-кагаздарын бирдиктүү алып барууга  кошкон салымы үчүн Улуттук банктын кызматкерлери ведомстволук сыйлыктар менен сыйланды. 

        Иш-чарага тимбилдинг форматында өтүп, анда интерактивдүү оюндар,   улуттук оюндардын мелдештери өткөрүлдү. Катышуучулар тилдик жана интеллектуалдык тапшырмалар аркылуу командалык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү; расмий жана күнүмдүк иш чөйрөсүндө кыргыз тилин колдонуу маданиятын калыптандыруу; жалпы баалуулуктар, маданият жана тилдин негизинде биримдикти бекемдөө көндүмдөрүнө ээ боло алышты.

      

   

Архив