Биринчи хинди-кыргыз сөздүгү жарык көрүп, бет ачары өттү

Бүгүн Бишкекте Индиянын тышкы иштер министри Субраманьям Джайшанкардын расмий иш сапарынын алкагында биринчи хинди-кыргыз сөздүгүнүн бет ачары өттү. Иш-чарага КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Сыртбай Мусаев, КР Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев жана Индиянын тышкы иштер министри Субраманьям Джайшанкар катышты.

Сөздүк Индиянын Кыргызстандагы элчилиги менен биргеликте КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия тарабынан түзүлгөн.

“Коомдук өнүгүүнүн кийинки доорундагы тарыхый жагдайлар Хинди, Урду тилдеринин жиктелишине алып келди жана Хинди тили – бүгүнкү күндө Индия Республикасынын мамлекеттик тили катары дүйнөдө эң көп адам сүйлөгөн эки тилдин бири.

Кыргыз тили – эң көрүнүктүү маданий дөөлөттөр жаралган байыркы түрк тилдеринин бири, эгемен Кыргыз Республикасын түзгөн түпкүлүктүү титулдук калк – кыргыздардын эне тили, улуттук адабий тили.

Албетте, байыркы отурукташкан маданиятты жараткан Индиянын жана байыркы көчмөндөр маданиятын жараткан кыргыздардын тарыхында, маданиятында орток, бирдей, окшош элементтердин болушу табигый көрүнүш. Ушул орток, бирдей, окшош элементтерди таанып-билүүнүн, алардын ошондой экенин элге көрсөтүүнүн ачкычы – биздин түшүнүгүбүздө ушул эки элдин тилиндеги фонетикалык жана семантикалык жактан бирдей, окшош, орток сөздөрдүн сөздүгүн түзүп чыгуу жана бул аркылуу Индия Республикасы менен Кыргыз Республикасынын элинин ортосунда тээ байыркы доордон келе жаткан терең маданий байланыштын изин табуу...” – деди Сыртбай Мусаев.


             КР Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев белгилегендей, сөздүк  миңден ашык окшош сөздөрдү өзүнө камтыйт. “Мындан тышкары, кыргыз жана индия тараптары маданий мурастарды сактоо боюнча, ошондой эле биргеликте археологиялык казууларды жүргүзүү жолу менен тарых жана маданият эстеликтерин, коруктарды, кол жазмаларды ж.б. коргоо жөнүндө келишимге жетишти”, - дейт ал.

Архив