Айрым ЖМКлардын кабарына тактоо

Айрым ЖМКлар Мамлекеттик тил комиссиясына шилтеме берүү менен, “1-сентябрдан тартып мамлекеттик жана мамлекеттик эмес бардык мекемелерде, ведомстволордо жана уюмдарда иш кагаздары милдеттүү түрдө кыргыз тилинде жүргүзүлө баштайт” деп туура эмес чечмелеп беришүүдө. 


Мындан улам төмөнкүдөй тактоо киргизебиз. Комиссиянын билдирүүсүндө, кыргыз тилинде иш кагаздарын жүргүзүү чаржайыт болбостон, бардык мекеме-уюмдарда бирдиктүү талапка баш ийиши керектиги айтылган. Башкача айтканда, иш кагаздарынын тексттери бир шаблонго келтирилип, кыргызча так, түшүнүктүү, даана жана катасыз жазылышы зарылдыгы белгиленген. 

Ал эми иш кагаздары кыргыз тилинде гана жүргүзүлсүн деген чектөө жок.

Архив