“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 33 жылдыгына карата өтө турган мамлекеттик тилдин бир айлыгы

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилинин конституциялык статусун чыңдоо (13-берене), «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын аткаруу, “Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды мамлекеттик тилге окутуу жана иш кагаздарын жүргүзүүнү мамлекеттик тилге өткөрүү боюнча чаралар жөнүндө” КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-мартындагы №114 токтомун ишке ашыруу,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-октябрындагы №510 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү» программасын жүзөгө ашыруу максатында  “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 33 жылдыгына карата мамлекеттик тилдин бир айлыгы жарыяланды.

 Максаты: Кыргыз Республикасында жашап жаткан бардык этностордун тилдерин сактоо жана өнүктүрүү менен Кыргызстандын элинин биримдигин чыңдоочу маанилүү фактор катары мамлекеттик тилди толук жана кеңири колдонууну камсыздаган натыйжалуу тил саясатын калыптандыруу, кыргыз тилин мамлекеттик катары толук жана кеңири колдонууну камсыз кылуу үчүн зарыл шарттарды түзүү. 

Милдеттер:  

-    мамлекеттик тилди социалдык-коммуникациялык чөйрөдө жайылтуу;

-    коомдо тил маданиятын арттыруу;

-    жарандарга мамлекеттик тилде сабаттуу жана сапаттуу кызмат көрсөтүүгө милдеттүү болгон кызматкерлердин тил сабаттуулугун жогорулатуу;

-    мамлекеттин негизги символу, улуттун нукура касиети катары кыргыз тилинин кадыр-баркын өстүрүү;

-    мамлекеттик, муниципалдык мекемелердин, маданият, илим, билим берүү мекемелеринин, коомдук уюмдардын, массалык маалымат каражаттарынын кыргыз тилин сактоо, өнүктүрүү боюнча аракеттерин  бириктирүү;

-    кыргыз тилинин мамлекеттик тил катары толук кандуу иштөөсүнө шарттарды түзүү, коомдогу ордун бекемдөө, кыргыз тилинин коомдун бардык тармактарында колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү;

-    кыргыз тилине карата кызыгууну арттыруу; 

Айрым ЖМКлар Мамлекеттик тил комиссиясына шилтеме берүү менен, “1-сентябрдан тартып мамлекеттик жана мамлекеттик эмес бардык мекемелерде, ведомстволордо жана уюмдарда иш кагаздары милдеттүү түрдө кыргыз тилинде жүргүзүлө баштайт” деп туура эмес чечмелеп беришүүдө. 

Маалымат иретинде айрым басма сөз каражаттарында берилип жаткандай, иш кагаздары кыргыз тилинде гана жүргүзүлсүн деген кесе айтылган чектөө жок экендигин белгилейбиз.

Архив