Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Э.Ж.Байсалов тарабынан бекитилген мамлекеттик тилдин бир айлыгы жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана «Мамлекеттик органдарда мамлекеттик тилдин колдонулушу жана абалы жөнүндө» КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги №15 протоколдук тапшырмасынын,  “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 33 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Э.Ж.Байсалов тарабынан бекитилген мамлекеттик тилдин бир айлыгы (23.08.2022 – 23.09.2022) жарыяланды

“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 33 жылдыгына карата өтө турган мамлекеттик тилдин бир айлыгы боюнча иш-чаралардын 

ПЛАНЫ

Иш-чаранын аталышы

Аткаруу мөөнөтү

Жооптуулар

Каржылоо

Кошумча каражат

(миң сом)

Бюджеттин чегинде

1

“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 

кабыл алынгандыгынын 33 жылдыгына карата өтө турган бир айлык тууралуу пресс-конференция уюштуруу;

  • КТРК, ЭЛТР аркылуу маалымат жайылтуу

2022-жылдын 

сентябры

МТУК, УТРК, ЭЛТР, Кабар агенттиги



2

Бардык мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында мамлекеттик тилдин бир айлыгынын иш-чараларынын планын иштеп чыгуу, аны ишке ашыруу.


2022-жылдын 

сентябры

Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, райондук мамлекеттик администрациялар, шаарлардын мэриялары, УИА


Тартылган мамлекеттик жана жергиликтүү органдардын бюджеттеринин чегинде, гранттардын жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен

3.

“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 

кабыл алынгандыгынын 33 жылдыгына карата иш-чараны даярдоо жана расмий кызмат адамдары, интеллигенция, ЖМК өкүлдөрүнүн катышуусунда     өткөрүү

2022-жылдын

23-сентябры

МТУК, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, билим берүү мекемелери 


Мамлекеттик органдардын бюджеттеринин чегинде

4. 

Мамлекеттик тил күнүнө карата жер-жерлерде, аймактарда,  шаар көчөлөрүндө  тил жөнүндө белгилүү инсандардын  сөздөрүн, ураан-чакырыктарды даярдоо жана илдирүү

2022-жылдын 

сентябрь-октябры

Бишкек жана Ош шаарларынын мэриясы, КР Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, райондук мамлекеттик администрациялар, МТУК


Тартылган мамлекеттик жана жергиликтүү     органдардын бюджеттеринин чегинде, гранттардын жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен

5

Чет жердеги мекендештер арасында «Дүйнө кыргыз тилинде сүйлөйт» флешмобун уюштуруу жана өткөрүү

2022-жылдын 

сентябры

 МТУК, эл аралык Түрксой уюму (макулдашуу боюнча), ТИМ, “Замандаш” ассоциациясы, коомдук уюмдар, УТРК, ЭЛТР


Демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен

6.

“Кыргызтесттин” ишин өркүндөтүү максатында республика  боюнча акцияларды уюштуруу

(коомчулуктун катышуусу менен соода борборлорунда, парктарда ж.б.  эл көп чогулган жерлерде тест тапшыруу)

2022-жылдын 

сентябрь айы

МТУК (Кыргызтест мамлекеттик мекемеси)



Мамлекеттик мекеменин  бюджетинин чегинде

7

Улуттук “Кыргызтест”  системасын чет өлкөлөрдөгү мекендештер арасында кеңири таанытуу максатында мамлекеттик тил боюнча аралыктан онлайн тесттерди уюштуруу

сентябрь

МТУК (Кыргызтест), ТИМ



Мамлекеттик мекеменин  бюджетинин эсебинен

8. 

Жаштар, студенттер арасында:

  • теледебат, токшоу, флешмоб ж.б. уюштуруу;
  • 30 жашка чейинки акын-жазуучулар арасында кыргыз тилин даңазалаган чыгармаларга сынак уюштуруу

2022-жылдын 

сентябрь-октябры

ММСЖСМ, БИМ, ЖОЖдор, Улуттук жазуучулар союзу


Тартылган мамлекеттик органдардын бюджеттеринин чегинде, гранттардын жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен

9

Жалпыга маалымдоо каражаттары арасында мамлекеттик тил күнүн даңазалоо:

- теле көрсөтүүлөрдү, радиоуктурууларды, түз берүүлөрдү, ток-шоу уюштуруу;

- теле жана радиодо кыргыз тилинин баалуулугун жогорулатууга багытталган кыска рубрикаларды, жүгүртмөлөрдү даярдоо жана эфирден кетирүү;

-гезит-журналдарда макалаларды, көркөм-адабий чыгармаларды, атайын рубрикаларды ж.б. материалдарды жарыялоо

2022-жылдын 

сентябрь-октябры

ММСЖСМ, КТРК, ЭЛТР, ЖМКлар


Тартылган мамлекеттик органдардын бюджеттеринин чегинде, гранттардын жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен

10

Уюлдук компаниялар менен бирге тарбиялык мааниси бар макал-лакап, учкул сөздөрдү чагылдырган СМСтерди коомчулукка жайылтуу

2022-жылдын

сентябры

Уюлдук компаниялар (макулдашуу боюнча), МТУК


Демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен

11

Мамлекеттик тилди окутуунун методологиясын жана технологиясын өркүндөтүү чаралары боюнча жыйын өткөрүү 

2022-жылдын сентябры

БИМ, МТУК


Талап кылынбайт

12

Республиканын бардык билим берүү мекемелеринде (ЖОЖ, орто, кесиптик окуу жайлар, мектептер, бала бакчалар) илимий-интеллектуалдык, маданий иш-чараларды, жолугушуу, дебат, кереге кеңеш, маалыматтык сааттарды, дил баян, көркөм окуу, мыкты видео сабак ж.б. сынактарды онлайн жана оффлайн уюштуруу жана өткөрүү.

2022-жылдын

сентябрь айы

 БИМ, ЖОЖдор, Бишкек  жана Ош шаар башкармалыгы



Мамлекеттик жана жергиликтүү  мекемелердин бюджетинин чегинде

13

“Кыргыз тилин үйрөтүү боюнча инновациялык усулдуктардын көргөзмөсүн уюштуруу

2022-жылдын

сентябры

 Улуттук китепкана,  БИМ, УИА


Мамлекеттик     мекемелердин бюджетинин чегинде

14

“Мамлекеттик тил – улут аралык ынтымактын тили” аттуу иш чара уюштуруу

2022-жылдын

сентябры

Кыргызстан элинин Ассамблеясы 


Мамлекеттик мекеменин  бюджетинин чегинде

15

“Тил жана маданият” маданият тармагындагы мекемелер арасында илимий, интеллектуалдык, адабий, коомдук-маданий иш чараларды уюштуруу

2022-жылдын

сентябрь-октябры

ММСЖСМ


Мамлекеттик мекеменин  бюджетинин чегинде

16

“Жаңы маалымат технологиялары жана мамлекеттик тил” аттуу студенттер арасында долбоорлор сынагын уюштуруу

сентябрь 

МТУК, БИМ, ЖОЖдор


Мамлекеттик мекеменин  бюджетинин чегинде

17

“Кыргыз терминологиясынын азыркы абалы жана келечеги” илимий конференцияны уюштуруу жана өткөрүү

сентябрь

МТУК (Терминком), УАК, УИА


Мамлекеттик мекеменин  бюджетинин чегинде

18

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер арасында “Сабаттуу жазуу” өнөктүгүн  уюштуруу

сентябрь-октябрь

МТУК, Мамлекеттик кызмат агенттиги, КР Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары


Мамлекеттик     мекемелердин бюджетинин чегинде

19

Республика боюнча маршруттук каттамдарда жазуу, сызуу, маалымат такталарын кыргызчалоо, кыргызча улуттук нарк боюнча учкул сөздөрдү, макал-лакаптарды жазуу

сентябрь

Транспорт министрлиги, Бишкек жана Ош шаар мэриялары


Мамлекеттик 

органдардын бюджеттеринин чегинде, гранттардын жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен

20

Жарнама маселесин жолго коюу боюнча иштерди жүргүзүү (биргелешкен рейд)

сентябрь

 Бишкек жана Ош шаар мэриялары, Монополияга каршы кызмат, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары


Мамлекеттик 

органдардын бюджеттеринин чегинде, гранттардын жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен

21

Кыргыз тилинде тартылган көркөм, документалдуу, мультипликациялык фильмдердин бир айлыгын өткөрүү

сентябрь

ММСЖСМ


Мамлекеттик     мекемелердин бюджетинин чегинде

22

Бишкек жана Ош шаарынын көңүл ачуучу, коомдук тамактануучу жайларда кыргыз музыкаларын, комуз күүлөрүн жаңыртуу, менюларды кыргызчалоо

сентябрь

Бишкек жана Ош шаар мэриялары, Кыргызпатент, ММСЖСМ


Мамлекеттик жана жергиликтүү  мекемелердин бюджетинин чегинде

23

“Илим – мамлекеттик тилде” илимий-практикалык конференцияны уюштуруу, өткөрүү

сентябрь

УИА, УАК, МТУК (Терминком)


Мамлекеттик     мекемелердин бюджетинин чегинде

24

Китепканаларда, маданият үйлөрүндө кыргыз поэзия кечелерин уюштуруу

сентябрь

ММСЖСМ, Улуттук жазуучулар союзу


Мамлекеттик     мекемелердин бюджетинин чегинде

25

Тилимди коргогонум – мекенди коргогонум” кыргыз тилиндеги аскер ырларынын фестивалын өткөрүү

сентябрь

Коргоо министрлиги, ИИМ, коомдук уюмдар


Мамлекеттик     мекемелердин бюджетинин чегинде

26

Коомчулуктун катышуусу менен мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө багытталган акция жана флешмобдорду уюштуруу:

  • көркөм окуу, тил жөнүндө учкул сөздөрдү соц. тармактар аркылуу жайылтуу;
  • башка этностор арасында скетч, кыргыз тилиндеги чыгармаларды жатка айтуу, макал-лакап айтуу, “Манас айтуу” ж.б. уюштуруу

сентябрь

МТУК, ММСЖСМ, Ассамблея, коомдук уюмдар, ЖОЖдор


Мамлекеттик мекеменин  бюджетинин чегинде

27

Балдарга арналган кыргыз тилиндеги телеберүүлөрдү көбөйтүү, сапатын жогорулатуу иштерин уюштуруу:

- “Баластан” телеберүүсүн өркүндөтүү;

- балдарга арналган анимациялык фильмдерди даярдоо, которуу, жайылтуу

сентябрь

УТРК, ЭлТР


Республикалык бюджет, гранттардын жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен

28

Мамлекеттик тилди жеңил окутууга, үйрөтүүгө, сабаттуулукту көтөрүүгө багытталган семинар, вебинарларды соц тармактар аркылуу жайылтуу

сентябрь

МТУК (Кыргызтест, Окуу борбору), БИМ, коомдук уюмдар


Республикалык бюджет, гранттардын жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен

29

КР энциклопедиясынын алгачкы этабын коомчулукка презентациялоо (бет ачарын өткөрүү)

сентябрь

МТУК (Энциклопедия)


Мамлекеттик     мекемелердин бюджетинин чегинде

30

Мамлекетик тилдин бир айлыгынын жыйынтыгын чыгаруу

октябрь

КР Министрлер Кабинети, МТУК


Мамлекеттик 

органдардын бюджеттеринин чегинде, гранттардын жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен

Кыскартуулар:

ММСЖСМ - КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги

БИМ - КР Билим берүү жана илим министрлиги

МТУК– КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия

 Мамлекеттик кызмат агенттиги - КР Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик

УТРК - Улуттук телерадиоберүү корпорациясы

ЭлТР -“ЭЛТР” телерадиоберүү компаниясы 

УИА – КР Улуттук илимдер академиясы

УАК – КР Президентине караштуу Улуттук аттестациялоо комиссиясы

Ассамблея – Кыргызстан элинин Ассамблеясы

Кыргызтест -  Кыргызтест мамлекеттик мекемеси

ЖМК- жалпыга маалымдоо каражаттары

ЖОЖ – жогорку окуу жайлар

ТИМ – КР Тышкы иштер министрлиги 

ИИМ – КР Ички иштер министрлиги

Коргоо  министрлиги – КР Коргоо министрлиги

Уюлдук компананиялар


Архив