КР Айыл чарба министрлигинин кызматкерлери жат жазуу жазышты
Бүгүн Айыл чарба министрлигинин 42 кызматкери жат жазуу жазышты. КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары Ж.Орозобекова сөз сүйлөп иш-чараны ачып берди.
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана «Мамлекеттик органдарда мамлекеттик тилдин колдонулушу жана абалы жөнүндө» КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги №15 протоколдук тапшырмасынын,  “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 33 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Э.Ж.Байсалов тарабынан бекитилген мамлекеттик тилдин бир айлыгы боюнча иш-чаралардын   алкагында  Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге “Сабаттуу жазуу” өнөктүгүн  уюштурууда.
      Максаты:  
-    жарандарга мамлекеттик тилде сабаттуу жана сапаттуу кызмат көрсөтүү үчүн кызматкерлердин тил сабаттуулугун жогорулатуу;
-    мамлекеттин негизги символу, улуттун нукура касиети катары кыргыз тилинин кадыр-баркын өстүрүү;
-    мамлекеттик, муниципалдык мекемелердин, маданият, илим, билим берүү мекемелеринин, коомдук уюмдардын, массалык маалымат каражаттарынын мамлекеттик тилдин эрежелерин сактоо, өнүктүрүү боюнча аракеттерин  күчөтүү;
-    кыргыз тилинин мамлекеттик тил катары толук кандуу иштөөсүнө шарттарды түзүү, коомдогу ордун бекемдөө, кыргыз тилинин коомдун бардык тармактарында колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү;
-    кыргыз тилине карата кызыгууну арттыруу.
Архив