Төрага К. Осмоналиев "Стратегиялоонун теориясы жана практикасы" аттуу V Эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты
Бүгүн, 8-сентябрда Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинде “Стратегиянын теориясы жана практикасы” аттуу V Эл аралык илимий-практикалык конференциясынын алкагында «Кыргыз университариумунун стратегиясы» сессиясы өттү. Ага КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, профессор Каныбек Осмоналиев катышты.
Ал өз сөзүндө өлкөнүн коомдук турмушундагы мамлекеттик тилдин ролун жогорулатуу, аны сактоо жана өнүктүрүү багытындагы стратегиялык маселелер жаатында ой бөлүштү. Тил саясатынын негизги багыттары “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы №221 Жарлыгы менен бекитилген 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында Кыргыз Республикасынын Конуституциясына жана “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүнө” КР Мыйзамына ылайык иштелип чыккан 2021-2025- жылдары Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасында белгиленген иш-чараларга кеңири токтолду.
Улуттук стратегияда тил саясатына өзгөчө көңүл бурулуп келечекте Кыргыз Республикасынын жарандарынын бир нече тилди өздөштүрүүсүнө шарт түзүү керектиги белгиленген.
2021-2025-жылдары Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн программасы Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан. Ошондой эле мурдагы программада белгиленген тил боюнча эксперттердин жана тилчилердин иш-аракеттерди талдоо менен бирге сунуштарын киргизүү эске алынган.
Профессор К. Осмоналиев мамлекеттик тилди сактоо, өнүктүрүү жана жайылтуу жаатындагы алгылыктуу тенденциялар менен бир катар олуттуу көйгөйлөр да бар экендигин белгилеп, аларды чечүүнүн кыска жана узак мөөнөттүү программасын жана аны ишке ашыруу механизмдерин сунуштады.
Архив