КЫРГЫЗ ТИЛИН ОКУТУУ ЖАНА ҮЙРӨТҮҮДӨ КОЛДОНУЛГАН УСУЛДУКТАР БОЮНЧА КӨРГӨЗМӨ ӨТТҮ
Бүгүн, 2022-жылдын 14-сентябрында А. Осмонов атындагы улуттук китепканада 
• Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия менен 
• Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Мамлекеттик тилди өнүктүрүү сектору 
уюштурган кыргыз тилин окутуу жана үйрөтүүдө колдонулган усулдуктар боюнча көргөзмө болду. 
Аталган көргөзмөгө мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын атынан 
• Гүлзат Аалиева менен 
• Гүлчехра Мадумарова катышышты. 
Көргөзмө 
• Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары, профессор Орозобекова Жылдыз Калмашевнанын, 
• Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Джусупбекова Надира Сынташевнанын жана 
• Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Ибраимова Гүлнара Үмөтбековнанын 
сөздөрү менен ачылды. 
Кыргыз тилин окутуу жана үйрөтүүдө колдонулган алдыңкы тажрыйбалардын көргөзмөсүндө Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Окуу-маалымат жана котормо борборунун үстөлү - кызыккандар менен маалымат сурагандардын өтө көптүгү менен өзгөчөлөндү.
Студенттер, аспиранттар, балдар бакчаларынын тарбиячылары, орто мектептердин мугалимдери, орто жана жогорку окуу жайларынын окутуучулары кыргыз тилин деңгээлдер боюнча окутууда колдонулчу усулдуктарга абдан кызыгышты. 
Кыргыз тилин деңгээлдер боюнча окутууда колдонулчу усулдуктардын заманбап талаптарга жооп берген жана сапаттык жаңы деңгээлдеги жаңы муунун ыкчам түзүп чыгуу, басып чыгаруу жана сатыкка коюу өтүнүчтөрүн айтышты.  
Көргөзмөнүн учурунда кыргыз тилин окуткан мугалимдер менен жакындан таанышууга, жандуу баарлашууга, телефон алмашууга жана тыгыз байланышта иштешүүгө ишкер кадамдар жасалды.  
Көргөзмө кыргыз тилин окуп-үйрөнүү жаатында иштелип чыккан электрондук ресурстар менен тааныштырган маалдыматтар менен жыйынтыкталды.
Архив