"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" мыйзамынын кабыл алынгандыгына 33 жыл

2022-жылдын 14-сентябрында КР ИИМдин Башкы штабынын демилгеси менен Бишкек шаарынын аймагындагы жол кыймылынын коопсуздугун камсыздай турган жол белгилериндеги “Мамлекеттик тил жөнүндө” КР Мыйзамынын талаптарынын сакталышын текшерүү максатында, ИИМдин Башкы штабынын, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын, Бишкек шаарынын Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматкерлеринин катышуусунда  атайын рейддик иш-чара өткөрүлдү. Бул иш-чаранын жүрүшүндө Бишкек шаарындагы мекеме-ишканалардын аймактарына тиешелүү болгон жол белгилериндеги кемчиликтер, туура эмес коюлган жол белгилери боюнча мекеменин жооптуу адамдарына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, кемчиликтерди жоюу боюнча тапшырмалар коюлуп, мөөнөттөрү белгиленди.

Архив