«Кыргызстан» улуттук энциклопедиясынын электрондук алгачкы этабы даярдалууда
«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 33 жылдыгына карата өтүп жаткан мамлекеттик тилдин бир айлыгы боюнча иш-чаралардын планынын 29-пунктунун негизинде  Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын алдындагы «Кыргыз энциклопедия жана терминология борбору» тарабынан даярдалган «Кыргызстан» улуттук энциклопедиясынын электрондук алгачкы этабын коомчулукка презентациялоо иш-чарасы 2022-жылдын 16-сентябрында өткөрүлдү. Презентацияга КР Жогорку Кеңешинен, КР Санариптик өнүктүрүү министрлигинен, КР Билим берүү жана илим министрлигинен жана башка мекемелерден тиешелүү өкүлдөр катышты. 
«Кыргызстан» улуттук энциклопедиясынын электрондук алгачкы этабы менен тааныштырылып, омоктуу ойлор, жүйөөлүү пикирлер, сунуштар айтылды. Жыйынтыгында резолюция кабыл алынды.
Архив