Өспүрүмдөр арасында жаа атуу боюнча финалдык мелдеш болду

   «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 33 жылдыгына карата өспүрүмдөр арасында мекенге болгон мамилени бекемдөө максатында бүгүн,16-сентябрда Көчмөндөр оюндарынын алкагында жаа атуу боюнча финал өткөрүлдү. Иш-чарага КР Пезидентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, профессор Каныбек Осмоналиев катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөп, жеңүүчүлөргө “Алкыш барагын” жана китептерди тапшырды. 

Жалпысынан 24 окуучу катышып, жакшы көрсөткүчтөр болду. Баш байге Түркияга жолдомону Араев Билал жеңип алса, биринчи орунду Атаналиев Куткелди, 2-орунду Шарапиев Тахир, ал эми 3-орундуАбдыразаков Ясин утуп алды.

Архив