КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, профессор К.Осмоналиевдин КАЙРЫЛУУСУ

Кадырлуу мекендештер!

Түгөнгөн сайын түтөгөн,

Түбүнөн бери күчөгөн,

Түптүү кыргыз тукуму!

Кылымдарды карыткан кыргыз элинин башынан эмнелер гана өтпөдү. Кайың барбы кыргыз балта чаппаган, сайың барбы кыргыз сөөгү жатпаган... 

Эзелтеден кыргыз дилин, тилин, жерин сатпаган эл. Кыргыз карт тарыхын көөдөнүндө сактап, наркы, кызыл тилдин күчү менен кылымдарды карыткан тарыхы терең баатыр элдин тукуму!

Ач курсак тоёор, жыртык кийим бүтөлөөр, оору айыгаар... . А бирок ордуна келбес ыйык нерселер бар. Ал эгемендик! Бүгүн күн тартибинде – кыргыз мамлекеттүүлүгүн сактап калуу маселеси. Аны жоготсок, баарын жоготоорбуз... Калкынын саны бизден жүз эсе көп улуттардын эгемендигин жоготкондон кийинки тагдыры эмне менен аяктагандыгынан тыянак чыгаралы. 

Кашык каны калганча салгылашып, Ата журт үчүн кырчындай өмүрүн берген бүгүнкүнүн Чолпонбайлары барда өлкөнүн бүтүндүгү корголот!

Кыргыздан айланса болот! Жаштардын демин көрүп туруп, алар барда кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн келечеги кең экендигине кыпындай да күмөн санабайбыз! Алга!!!

Жаштардын духун, аларда кайнап жаткан кыргыздын канына суу сеппейли. 

Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгаралы. Жараткандын сыноосунун алдында турабыз. Ал бизге эрк берди, эркибиз менен эркиндик жолун тандайлы. 

Бир Туунун, бир башчынын – Президенттин айланасында, башка ички маселелерден жогору болуп, пендечиликтен бийик туруп, өлкө келечеги үчүн биригели, ардактуу мекендештер!

Архив