КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын өкүлдөрү Баткенге барып, эл менен жолугушту
КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын өкүлдөрү  Баткен облусунун Кадамжай районуна Баткен коогалаңынан келип, убактылуу жашап жаткан эл менен жолугушту. Жалпысынан Кадамжай районуна 38000ден ашуун адам келип баш калкалап жатышат. Абалдын бир аз турукташа баштаганына байланыштуу чек арадан алысыраак жашаган баткендиктер үйлөрүнө жеткириле баштаган. Өлкөнүн туш тарабынан ар түрдүү жардамдар келип жатыптыр. КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын жалпы жамааты 113000 сом которуп, акчалай жардам көрсөтүлдү.
Архив