Бүгүн Улуттук комиссиянын жыйын жайында профессор, доктор Гүрэр Гүлсевин, профессор Женгиз Алйылмаз жана профессор Кадыралы Коңкобаев менен жолугушуу болду

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын жыйын жайында төрага Каныбек Осмоналиевдин жетекчилигинде Түркия Республикасынын Түрк тили курумунун президенти профессор, доктор Гүрэр Гүлсевин, Түркиянын Анадолу университетинин профессору Женгиз Алйылмаз жана КР илимине эмгек сиңирген ишмер, профессор Кадыралы Коңкобаев менен атайын жолугушуу болуп өттү.

Жолугушууда мамлекеттик тилди өнүктүрүү жаатындагы  эки тараптуу кызматташтык мамилелери боюнча пикир алмашуулар орун алды. Ошондой эле «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» КР Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 33 жылдыгына карата мекеменин  “Кыргыз тили” төш белгиси Түрк тили курумунун президенти профессор, доктор Гүрэр Гүлсевинге, Түркиянын Анадолу университетинин профессору Женгиз Алйылмазга жана КР илимине эмгек сиңирген ишмер, профессор, филология илимдеринин кандидаты Кадыралы Коңкобаевге тапшырылды.

Архив