Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде “Мамлекеттик тил - улуттук нарктын пайдубалы” аттуу илимий-тажрыйбалык конференция болуп өттү

2022-жылдын 5-октябрь күнү башкы имараттагы санариптик технологиялар борборунда Мамлекеттик тил күнүнө арналган “Мамлекеттик тил - улуттук нарктын пайдубалы” аттуу илимий-тажрыйбалык конференция болуп өттү. Жыйынды мамлекеттик тил боюнча проректор Садык Алахан ачты. Ал бүгүнкү иш чара кыргыз-тажик чек арасындагы окуяларга байланыштуу кечирээк өткөрүлүп жатканын белгилеп, конференцияга келген меймандарды тааныштырды жана КУУнун ректору Төлөбек Абдырахмановго сөз берди. Ректор жыйындын катышуучуларын Мамлекеттик тил күнү менен куттуктап, 5 университетке өзгөчө статус берүү жөнүндөгү мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун 2022-жылдын 18-июлундагы жарлыгын ишке ашыруу боюнча Министрлер Кабинетинин токтому, андан кийин министрликтин жоболору иштелип чыкса, Улуттук университет жетекчиликтен  тартып катардагы окутуучу, кызматкерлерине чейин бардык мүмкүнчүлүктөрүн мобилизациялап, аталган документтерди аткарууга киришээрин билдирди.

- Өзгөчө статус тууралуу жарлыкты, токтомду, жоболорду аткаруу колубуздан келет, ал үчүн илимий-интеллектуалдык потенциалыбыз бар. Болгону, жетекчилик аталган потенциалды мобилизация кылыш керек, - деп улантты сөзүн Төлөбек Абдырахманов. - Ошонун бир жагдайы Мамлекеттик тил маселеси. Бул багытта Улуттук университетте эң чоң потенциал бар. Бул жерде традиция да бар, тажрыйбалуу агай-эжейлер да бар, өсүп келе жаткан жаштар да бар. Менин оюмча, улуттук тилдин уясы, уңгусу - Улуттук университет. Бул жерден кыргыздын чыгаан тилчилеринин баары чыккан. Кыргыз тилинин эрежелери да ушул жерде такталып, ушул жерде иштелип чыккан. Менин көз карашымда, ар бир факультет илим, билим, өндүрүш багытында иштеп, өнүгө турган институт болуш керек. Ошондо, кыргыз филологиясы факультетинде (болочок институтта) тил лабораториясы болуш керек. Ал лаборатория тил багытындагы "ачыла элек, басыла элек жолдорду" изилдеп, алып кетиш керек". Бул Тил комиссиясына, кыргыз улутуна, кыргыз мамлекетине да жардам болот. 

Андан кийин, куттутоо сөзү менен Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары Жылдыз Орозобекова, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Түмөнбай Колдошов жана И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин өнүгүү жана мамлекеттик тил боюнча проректору Жыргалбек Сыдыков чыгып сүйлөштү.

Жылдыз Орозобекова мамлекеттик тилге салым кошуп, илимий-педагогикалык эмгек жазган жана окуу жайына сиңирген зор эмгеги үчүн КУУнун айрым окутуучуларына Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын сыйлыктарын тапшырды.

“Кыргыз тили” теш белгиси менен:

•    Канетов Бекболот Эменович - математика жана информатика факультетинин алгебра, геометрия, топология жана жогорку математиканы окутуу кафедрасынын башчысы, физика жана математика илимдеринин доктору, профессор, “Мыкты лекциялык сабак” номинациясы боюнча баш байгенин жеңүүчүсү

•    Жуматаева Асылгүл Саринжиевна - педагогика факультетинин мектепке чейинки, мектеп педагогикасы жана билим берүү технологиялары кафедрасынын ага окутуучусу, 10дон ашуун илимий макалалардын автору, “Мыкты практикалык сабак” номинациясынын жеңүүчүсү

Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын “Ардак грамотасы” менен:

•    Бешкемпирова Айнура Иманбековна - кыргыз филологиясы факультетинин кыргыз тили жана адабияты кыргыз тилинде окутулбаган билим берүү мекемелеринде кафедрасынын доценти, 1 монография, 20дан ашуун илимий макалалардын автору

•    Ибраимова Адилай Маратовна - тилдерди үйрөнүү борборунун жетектөөчү адиси,  бир нече илимий макаланын автору

•    Жакшылыкова Элла Азискановна – кесиптик колледждин окутуучусу, бир нече илимий макаланын автору.

Сыйлыктар тапшырылган соң конференциянын темасы боюнча баяндамалар жасалды:

•    С.К.Рыспаев - Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, п.и.д., профессор: “Салт, нарк-насил, каада, адат жана ырым- жырым түшүнүктөрү тууралуу”

•    С.Т.Кайыпов - Кыргыз Республикасынын илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынан ээси, т.и.д., профессор: "Кыргыз тили - кыргыз наркынын күрөө тамыры”

•    Ж.А.Чыманов - п.и.д, Ж.Баласагын атындагы КУУнун профессору: "“Улуттук тил - улуттук нарктын улуу казынасы”.

Жыйындын соңунда мамлекеттик тил боюнча проректор Садык Алахан окуу жайдын айрым кызматкерлерине бүгүн белгиленип жаткан "Билим берүу кызматкерлеринин күнүнө" байланыштуу, о.э. Кыргыз улуттук университетиндеги үзүрлүү эмгеги, жаш муундарды окутуп тарбиялоодогу жетишкен ийгиликтери жана билим берүү тармагына кошкон салымдары үчүн Улуттук университеттин сыйлыктарын тапшырды.

Архив