И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде Мамлекеттик тил күнүнө карата кереге кеңеш өттү

Бүгүн, 2022-жылдын 7-октябрында И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде 

•    Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Э. Байсаловдун,

•    Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик тил жана тил саясаты улуттук комиссиясынын төрагасы К. Осмоналиевдин,

•    Улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары Ж. Орозобекованын,  

•    Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу У. Мамбетакуновдун,

•    Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигиндеги мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Г. Ибраимованын

катышуусундагы «Мамлекеттик тилди окутуунун методологиясы жана технологиясын өркүндөтүү» аттуу кереге кеңеш өттү. 


Иш-чара мамлекеттик тилди окутуу усулдуктары менен ыкмаларын чагылдырган көргөзмөдөн, этномоданы даңазалоодон башталып, кыргыз тилин окутуудагы салттуу усулдуктардан сырткары, заманбап ыкмалар, алсак, инфографика жана моделдөө методдору менен коштолгон алгылыктуу аракеттер көрсөтүлдү. 


Кереге кеңешке Кыргыз Республикасынын бала бакчалары менен орто мектептеринин, орто жана жогорку окуу жайларынын жетекчилери, кыргыз тили жана адабияты мугалимдери активдүү катышып, алар өздөрүнүн мамлекеттик тилди окутуу усулдуктары жана ыкмалары менен тааныштырды. 


Мамлекеттик тилди жомоктор менен көркөм чыгармалардын тили гана эмес, коомдук турмуш-тиричиликтин ар кыл тармактарында кеңири пайдаланылган функционалдык тилге айлантуу тууралуу бир катар кызыктуу докладдар окулду. 


Кереге кеңеш мамлекеттик тилди окутуу усулдуктары менен ыкмаларын мындан ары өнүктүрүүнү ар тараптуу чагылдырган резолюцияны кабыл алуу менен аяктады.

Архив