“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” КР Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 33 жылдыгына карата салтанаттуу жыйын болуп өттү
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Байсалов Эдиль Жолдубаевич тарабынан бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 33 жылдыгына карата мамлекеттик тилдин бир айлыгы (23.08.2022 – 23.09.2022) жарыяланып, 30 дан ашуун иш-чаралар планы бекитилген.
Аталган иш-чаралар планына ылайык иштер ырааттуу аткарылып, аягына чыгып калды. Жыйытыктоочу, салтанаттуу иш-чара бүгүн, 11-октябрда КР Улуттук тарых музейинде болуп өттү. Иш-чарага КР Мамлекеттик катчысы – Касмамбетов Сүйүнбек Сапарбекович, Кыргызстан элинин Ассамблеясынын төрагасы – Эркебаев Абдыганы Эркебаевич, Кыргыз Республикасынын Баатыры Шеримкулов Медеткан Шеримкулович жана Президенттин Администрациясынын, Министрлер Кабинетинин өкүлдөрү жана бардык министрликтердин, ведомостволордун тил адистери, Жогорку Кеңештин депутаттары, жогорку окуу жайлардын ректорлору, мамлекеттик тил боюнча орун басарлары, мектеп жана бала бакчалардын кыргыз тили мугалимдери жана медодистери катышты.
 Мамлекеттик тилге салым кошкон айрым кызматкерлерге Улуттук комиссиянын сыйлыктары ыйгарылды. 
 Бул салтанаттуу иш-чаранын алкагында Улуттук комиссиядан чыгарылган китептердин жана Кыргызстан калкынын Ассамблеясы тарабынан даярдалган көргөзмө да уюштурулуп, соңунда чакан концерттик программа менен жыйынтыкталды.
Архив