Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 33 жылдыгына карата “Кыргыз терминологиясынын азыркы абалы жана келечеги” аттуу илимий-практикалык конференция болуп өттү

2022-жылдын 10-октябрь күнү Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Кыргыз энциклопедия жана терминология борборунун терминология жана ономастика бөлүмү уюштурган “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 33 жылдыгына карата “Кыргыз терминологиясынын азыркы абалы жана келечеги” аттуу илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Конференцияга Терминологиялык комиссиянын мүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын министрликтери менен ведомстволорунун адистери, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын кызматкерлери катышты. 

Конференцияны Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары, филология илимдеринин доктору Ж. К. Орозобекова ачты. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын бөлүм башчысынын орун басары О. Э. Капалбаев, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти, академик О. А. Тогусаков, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору А. А. Акматалиев куттуктоо менен терминологиянын көйгөйлүү маселелери жөнүндө сөздөрүн сүйлөштү.

Төмөндөгүдөй илимий баяндамалар жасалды:

1. Г. Т. Курманбекова – Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин табигый илимдер факультетинин деканы, биология илимдеринин доктору, Терминологиялык комиссиянын мүчөсү: “Биомедицинадагы терминдердин азыркы абалы”.

2. К. Б. Бактыгулов – Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ага окутуучусу, техника илимдеринин кандидаты, доцент, Терминологиялык комиссиянын мүчөсү: “Техника тармактары кыргызча сүйлөй алабы?”.


3. Ы. К. Кадыров – Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, жазуучу, “Кыргыз тили” коомунун президентинин кеңешчиси, И. Арабаев атындагы КМУнун ардактуу профессору, Терминологиялык комиссиянын мүчөсү: “Термин жасоодогу актуалдуу маселелер”.

4. А. Э. Орозакунов – Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Башкы штабынын мамлекеттик тил жана редакциялоо бөлүмүнүн башчысы, Терминологиялык комиссиянын мүчөсү: “Ички иштер органдарындагы терминдер маселеси”.

5. Т. Т. Курманалиева – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Кыргыз энциклопедия жана терминология борборунун терминология жана ономастика бөлүмүнүн башчысынын м.а., башкы адис: “Тактоону талап кылган терминдер”.

Соңунда конференциянын резолюциясы кабыл алынды.

Архив