М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинде“Тил – улуттук маданият, улуттук байлык, улуттук мурас” аттуу республикалык жогорку окуу жайлар аралык илимий-практикалык конференция болду

М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин кичи жыйындар залында мамлекеттик тил күнүнө  жана Т.Сыдыкбековдун 110 жылдыгына арналган “Тил – улуттук маданият, улуттук байлык, улуттук мурас” аттуу республикалык жогорку окуу жайлар  аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлдү. 

      Конференциянын максаты: мамлекеттик тилди  окутуудагы учурдагы актуалдуу көйгөйлөрдү жана аны чечүүнүн жолдорун талкуулоо, экономика илимдеринин мамлекеттик тилде окутулушуна жана илимде изилденишине салым кошуу, Т.Сыдыкбековдун тил, маданият, тарыхка кошкон салымын даңазалоо.

Конференцияга Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча  улуттук  комиссиянын  төрагасынын орун басары Ж.Орозобекова катышып куттуктоо сөзүн сүйлөп, мамлекеттик тилге салымын кошуп жаткан айрым кызматкерлерге Улуттук комиссиянын сыйлыктарын тапшырды. Ошондой эле иш-чарага М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин ректору, э.и.к., доцент А.Т.Кадыралиев, Мамлекеттик расмий жана чет тилдер кафедрасынын башчысы,п.и.к., проф м.а. Н.Ж. Жапаралиева, КР Билим берүү жана илим министрлигинин Мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Гүлнара Ибраимова, КР Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти, Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору, ф.и.д.,академик А.А.Акматалиев, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин мамлекеттик тил боюнча проректору, ф.и.д., профессор Садык Алахан жана М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин профессордук-окутуучулук жамааты, студенттер катышты.

       Конференция төмөндөгүдөй тематикалык багыттарга бөлүндү:

1. Мамлекеттик тилдин абалы жана аны өркүндөтүүнүн жолдору

2. Филологиялык эмес багыттагы жогорку окуу жайларында мамлекеттик тилди окутуунун абалы

3. Т.Сыдыкбековдун кыргыз тилине кошкон  салымы

       Конференциянын материалдары М.Рыскулбеков атындагы КЭУнун алдындагы “Илим жана инновация”  магистрдик илимий электрондук журналына жарыяланат.

        Конференциянын конокторунун куттуктоо сөзүнөн кийин конференциянын тематикалык багыттары боюнча илимий баяндамалар окулду. Конференциянын резолюциясы кабыл алынып, студенттер тарабынан даярдалган чакан концерттик программа менен жыйынтыкталды.

Архив