"Илим - мамлекеттик тилде" аталышындагы илимий-практикалык конференция болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссиясы менен Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту биргеликте уюштурган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 33 жылдыгына карата "Илим - мамлекеттик тилде" аталышындагы илимий-практикалык конференция болуп өттү. Конференцияга Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Касмамбетов Сүйүнбек Сапарбекович, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, физ.- мат.и.д., профессор Осмоналиев Каныбек Осмоналиевич, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти, техника илимдеринин доктору, профессор, академик Джуматаев Мурат Садырбекович, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Математика институтунун директору, физ.-мат.и.д., профессор, академик Бөрүбаев Алтай Асылканович, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору, академик А.Акматалиев, академик Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссиянын төрагасы Б.К.Тыналиева,  Лингвистика институтунун директору, ф.и.д. академик С. Мусаев,  Ж.Балагасын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Мамлекеттик тил боюнча проректору С.А.Тиллебаев сыяктуу белгилүү окумуштуулар баштаган көптөгөн тилчи, адабиятчы, башка тармакта эмгектен окумуштуу-изилдөөчүлөр катышты.

Илимий-практикалык конференцияга катышкан республиканын тилчи-окумуштуулары, аспиранттары, жаш изилдөөчүлөрү бул иш-чара жалпы коомчулук үчүн өзгөчө мааниге ээ экендигин белгилешти.

Конференцияда мамлекеттик тилдин коомдогу абалы, илимий чөйрөдөгү орду, илимдин тилинин статистикалык аспектиде каралышы, мамлекеттик тилде жарык көргөн жаңы окуу китептеринин ийгиликтери жана көйгөйлөрү, кыргыз тилинин жогорку техникалык окуу жайлардагы, медицина илиминдеги абалы, о.э., өлкөбүздүн областтарында мамлекеттик тилдин деңгээли, ролу тууралуу баяндамалар окулду. Тарых жана юриспруденция, физика-математика жана биология боюнча илимий диссертацияларды коргоодогу маселелер, көркөм сүрөт өнөрү тармагында мамлекеттик тилдин колдонулушун камтыган баяндамалар өзгөчө талкууну жаратты. Чыгып сүйлөгөндөр Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында тил саясатына өзгөчө көңүл бурулгандыгын, мамлекетти, көз карандысыздыкты коргоо канчалык кажет болсо, тилди сактоо да ошончолук мааниге ээ экендигин баса белгилөө менен, 2021-2025-жылдар үчүн кабыл алынган Улуттук программаны максатка ылайык иштеп чыгуу керек деген баалуу пикирлер айтылды.

Ошондой эле терминдерди бирдейлештирүү, сырттан кирген сөздөрдү которуу, активдештирүү, заманбап сөздүктөрдү (түшүндүрмө, эки тилдүү ж.б.), жаңы ченемдик грамматиканы түзүү сыяктуу маанилүү маселелер козголду. Эң негизгиси, мамлекеттик тилди билим берүүнүн негизги тилине айландыруу маселеси, кесиптик тилди калыптандырууга багытталган билим берүү стандарттарын, окуу-методологиялык комплекстерин өркүндөтүү жөнүндө пикирлер сунушталды.

Конференциянын катышуучулары окулган баяндамаларды жана айтылган пикирлерин эске алып, төмөнкү резолюцияны сунуш кылышты:

1.    Президентибиз С.Н.Жапаров мамлекеттик тилди өнүктүрүү зарылчылыгын баса белгилегендей, мындан ары иш кагаздары мамлекттик тилде жүргүзүлсүн;

2.    Мамлекеттик тилди социалдык-коммуникациялык чөйрөдө жайылтуу, коомдо тил маданиятын арттырууга арналган илимий-практикалык конференциялар өткөрүлүп турсун;

3.    Илим жана жогорку кесиптик билим берүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик тил саясатын жүргүзүүнүн комплекстүү системасы ишке ашырылсын жана кыргыз тилинин тармактык сөздүктөрү толукталсын; 

4.    Кыргыз тилин эне тил, экинчи тил жана чет тили катары окутуу үчүн зарыл болгон окуу жана методикалык колдонмолордун жаңы варианттары иштелип чыксын жана электрондук түрү

даярдалсын;

5.    Мамлекеттик тилдеги илимий изилдөөлөрдүн онлайн-базасы түзүлсүн;

6.    Кыргызча түзүлгөн жана кыргыз тилине которулган иш кагаздары (мыйзамдар, токтомдор ж.б.) милдеттүү түрдө линг, истикалык экспертизадан өтүп турсун;

7.    Жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу мамлекеттик тил саясаты пропагандаланып турсун ж.б.

Архив