Эл аралык жогорку медициналык мектебинде “Кыргыз тилин билели, Кыргызстанды сүйөлү” деген аталышта кыргыз тили жумалыгы өттү

Эл аралык жогорку медициналык мектебинин гуманитардык сабактар кафедрасы тарабынан “КР мамлекеттик тили жөнүндөгү” мыйзамынын кабыл алынгандыгын 33 жылдыгына карата “Кыргыз тилин билели, Кыргызстанды сүйөлү” деген аталышта кыргыз тили жумалыгы болуп өттү. 

Жумалыктын алкагында студенттердин арасында төмөнкү 4 номинация боюнча конкурстар болду:

1.    Кыргызстан чет элдик студенттердин көзү менен деген темада сүрөт конкурсу.

2.    Кыргыз акындарынын ырларын көркөм окуу конкурсу.

3.    Кыргыз бийлерин бийлөө конкурсу.

4.    Кыргыздын обондуу ырларын аткаруу конкурсу.

Конкурска абдан көп студент катышты. Ар бири өздөрүнүн талантын, өнөрлөрүн көргөзүштү. Мына ушул жумалыкты жыйынтыктоо иретинде 13-октябрда фестиваль өткөрүлдү. Конкурста алдынкы орундарды алган таланттуу студенттердин аткаруусунда жыйынтыктоочу концерт болду. Жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды.

Фетсивалга конок катары КР Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары Орозобекова Ж.К. катышып, Гуманитардык сабактар кафедрасынын башчысы Нурия Алымкулованы Кыргыз тили төш белгисин жана кафедранын кыргыз тилчи эки мугалимине Ардак грамота ыйгарды.

Архив