КР Эл аралык университетинде «Кыргыз адабий чыгармаларын көркөм окуу» аталышында республикалык жогорку окуу жайлар аралык фестиваль болуп өттү

     Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы жана Кыргыз Республикасынын Эл аралык университети тарабынан «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 33 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Э.Байсалов тарабынан бекитилген мамлекеттик тилдин бир айлыгынын иш чараларынын 26-пунктун жана «23-сентябрь – мамлекеттик тил күнүнө карата бир айлык жарыялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин буйругун аткаруу алкагында «Кыргыз адабий чыгармаларын көркөм окуу» аттуу ЖОЖдор аралык фестивалы болуп өттү.

Фестивалдын максаты:  чет өлкөлүк студенттердин кыргыз акын- жазуучуларынын чыгармаларын көркөм окуу аркылуу кыргыз тилине болгон кызыгууну арттыруу, кыргыз тилинин кадыр-баркын өстүрүү, чет өлкөлүк студенттерди өлкө, маданият менен тааныштыруу, кыргыз тилинин коомдун бардык тармактарында колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү .

Иш-чаранын аземин КРЭАУнун  окуу иштери жана мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча проректору, т.и.к., доцент Омурзакова Жылдыз   Кубанычбековна ачып берди.

   Фестивалдын жүрүшүндө  Билим берүү жана илим министрлигинин Мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Г. Ү. Ибраимова, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын башкы адиси А. К. Орозов,  КРЭАУнун Илим жана инновациялар боюнча проректору, юр.и.к., фил.и.к.,  доцент  Н. К. Атабекова,  акындар Гүлжамийла Шакирова, Чолпон  Орозалиева сөз сүйлөшүп, фестивалга катышып жаткан студенттерге ийгиликтерди каалап кетишти. 

Жалпысынан фестивалга Бишкек  жана Ош шаарынын  15 жогорку окуу жайларынан 20дан ашык студент катышып, күч сынашты. Фестиваль оффлайн жана онлайн режиминде өттү.

Көркөм окуу төмөндөгү критерийлер менен бааланды:

- кыргыз тилинин фонетикалык өзгөчөлүктөрүнүн сакталуусу;

- дикциянын тактыгы;

- аткаруучунун артисттик жөндөмдүүлүгү;  

Иш-чаранын жүрүшүндө фестивалга келген студенттер өз өнөрлөрүн көрсөтүшүп, калыстар  тарабынан фестивалдын  жыйынтыгы чыгарылып, алдыңкы орунду алган студенттер дипломдор  менен сыйланышты.

Сыйлоо аземи эки багытта өттү.

1.    Чет өлкөлүк студенттер арасында:

1- даражадагы диплом менен  Эл аралык жогорку медициналык мектебинин 5-курсунун студенти АКАШ  ДЖЕИН сыйланды.

2- даражадагы диплом менен КР Эл аралык университети Эл аралык медицина мектебинин 3-курсунун студенти ЗЕХРИШ КХАЛИД сыйланды.

3- даражадагы диплом менен ОШМУнун  студенти САЛАХАЛДИН ФУАД МАХМУД САФАДИ сыйланды.

2.    Кыргыз жарандыгы бар студенттер арасында:

1-даражадагы диплом менен  И.Раззаков атындагы КМТУнун 1-курсунун студенти КИМ ЮНСОП сыйланды.

2- даражадагы диплом менен И.Ахунбаев атындагы КММАнын 1-курсунун студенти ЕВТУШЕНКО РОДИОН сыйланды.

3-даражадагы диплом менен Эл аралык Кувейт университетинин 1-курсунун студенти АБДУЛАШИМОВА МАЧИ сыйланды. 

Андан тышкары, студенттер Улуттук комиссиянын сыйлыктары менен сыйланышты. Ошондой эле жигердүү катышкан студенттер жана аларды жетектеп келген окутуучулар ректордун ыраазычылык каттарына ээ болушту.

Архив