Ысык-Ата районунда “Мамлекеттик тилди окутуу жана “Манас” эпосу” аттуу конференция болду
Бүгүн Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын демилгеси менен  мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча «Мамлекеттик тилди окутуу жана «Манас» эпосу» аттуу конференция уюштурулуп, ал конференция азыркы учурда кыргыз тилин өнүктүрүүдөгү, ошондой эле «Манас» эпосунда чагылдырылган кыргыздардын салт-санаасын, адеп-ахлакты калыптандыруучу нарк-насилдүү үрп-адаттарын жайылтуунун көйгөйлөрүн талкууга алды. 
Бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасынын орун басары Ж.Орозобекова катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөп, Улуттук комиссиянын сыйлыгын тапшырды. Конференцияга коомдук уюмдардын өкүлдөрү, Ысык-Ата районундагы бардык айыл өкмөттөрдүн жана Кант шаарынын жетекчилери, адистери, аймактагы ишкерлердин өкүлдөрү, Кыргыз улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы кыргыз тили жана адабияты институтунун бөлүм башчысы, Жусуп Баласагын атындагы Улуттук Университеттин окумуштуулары, аймактагы мектептердин мугалимдери катышты.   Аталган конференциянын алкагында ардактуу коноктор тарабынан мамлекеттик тилди окутуудагы проблемалар көтөрүлүп, кыргыз тилин окутуу менен бирге, кыргыз элинин кулк-мүнөзүнүн өзгөчөлүктөрүн, элдик салт-санаа, адеп-ахлактык жүрүм-турум үлгүсүн кошо үйрөтүү маселеси каралып, соңунда резалюция кабыл алынды.
Мамлекеттик тилдин маанисин арттырган бул иш-чара Ысык-Ата райондук маданият бөлүмү тарабынан даярдалган чакан концерттик программа менен жыйынтыкталды.
Архив